Жалал-Абад: Алты жаштагы кызды зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды

6-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту алты жаштагы кызды зордуктоого айыпталган кишини өмүр бою абакка кести. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда зөөкүр кыздын алсыз абалынан пайдаланып зордуктаганы белгиленди.

Үйүнө киргизген

Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, секелек кыз 2022-жылдын 26-майында зордукталган. Анда мектепке чейинки даярдоо классында окуган алты жаштагы үч кызды 28 жаштагы айылдашы тосуп алып, үйүнө «тыт жегени» чакырганы айтылган.

Шектүү кыздарга куурулган картөшкө менен жумуртка берип, ата-энелери тууралуу сураган. Андан соң ата-энеси ажырашкан кызды башка имаратка алдап алып барып, зордуктаган.

Августта укук коргоочулар айыпталуучунун жакындары жабыркаган тарапка басым кылууга аракет кылып жатканын айтышкан. Айыпталуучунун энеси секелектин дарылануусу жана башка чыгымдарына кеткен каражатты төлөп берүүнү сунуштап, ордуна тосмо арыз талап кылган.

Балдарга карата зордук-зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Анын 55 учуру — сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Ошол эле кезде балдарга карата зордук-зомбулук жылдан-жылга өсүп баратат. Июлдун аягында ички иштер министри Улан Ниязбеков жашы жете электерге карата кылмыштардын өскөнү тууралуу билдирген.

Балдарга карата зордук-зомбулук маселеси Баткен облусунун Кадамжай районундагы 14 жаштагы кыздын өлтүрүлүшүнөн кийин кайрадан талкуулана баштады. Ошондой эле Башкы прокуратуранын маалыматында кыз зордукталганы айтылат.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган. Алар убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

14 жаштагы кыздын өлүмүнө президент Садыр Жапаров да реакция кылган жана ишти жеке көзөмөлүнө алган.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы иш жеке көзөмөлүнө алынганын билдирип, укук коргоо орган кызматкерлери бул ишти адилет тергеп берет деп убада кылган.

Бул окуядан кийин бир катар депутаттар педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады.

Дагы окуңуз:

Башкы прокуратура: 14 жашар кызды өлтүрүүгө шектелгендер өмүр бою эркинен ажырашы мүмкүн

Депутат Кадырбеков: Кадамжайлык кыздын өлүмүнө кайдыгер коом күнөөлүү