ИИМ: 2022-жылдын жети айында жаш балдарды зордуктоо боюнча 39 кылмыш иши тергелди

2022-жылдын жети айында өлкө боюнча жаш балдарды зордуктоо фактысы менен 39 кылмыш иши тергелди. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын 9-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Аширхожаевдин айтымында, 39 иштин 25и соттук кароого жиберилди. Ал эми үч кылмыш иши кыскартылды — бири кылмыштын курмы жок деп табылса, экөөндө айыпкер такталган эмес.

Ички иштер министринин орун басары өспүрүмдөрдүн жыныстык кол тийбестигине жана адеп-ахлактык саламаттыгына каршы жети айда жалпы 121 кылмыш иши тергелгенин белгиледи.

Анын айтымында, 80 кылмыш иши соттук кароого жиберилди. Ал эми 10 иш кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылды. Учурда 31 иш милицияда тергелип жатат.

Аширхожаев жаш балдарды зордуктаган жана киши өлтүргөндөргө өлүм жазасын киргизүү боюнча депутаттын суроосуна жооп берди. Ал жогорудагыдай кылмыш жасагандарга өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы эле жетиштүү деп эсептейт.

Ошондой эле министрдин орун басары кылмыштуулуктун өсүшүн «коом менен замандын өзгөрүп жатканы» менен түшүндүрдү.

«20 жыл мурдагы милиция менен азыркыны салыштырсак асман менен жердей. 20 жыл мурда кылмыштуулуктун саны да, түрү да мындай эмес болчу. Кодекстердин талаптары да башкача болчу. Азыр коом, заман өзгөрүп жатат. Ошого жараша иш болуп жатат», — деди ал.

14 жашар кыздын киши колдуу болушу

Өспүрүм кызды зордукталып өлтүрлүшү боюнча акыркы окуя 4-сентябрда катталган. 14-жашар кыздын сөөгү Кадамжайдагы Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден табылган. Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтуудан калган издер бар экенин аныкташкан.

Милиция аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган.

Мындан тышкары, кармалгандар кызды зордуктоого да айыпталып жатканы белгилүү. 14 жашар секелектин окуясы коомчулукта кызуу талкууга алынып, Жогорку Кенештин айрым депутаттары жаш балдарды зордуктагандарга өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган.

Окуя боюнча президент Садыр Жапаров дагы реакция кылып, бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын айткан. Башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы иш жеке көзөмөлүнө алынганын билдирип, укук коргоо орган кызматкерлери бул ишти адилет тергеп берет деп убада кылган.

Тема боюнча:

Депутат Кадырбеков: Кадамжайлык кыздын өлүмүнө кайдыгер коом күнөөлүү

Нарын: Активисттер киши колдуу болгон 14 жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу митингге чыгышты