Бишкек: Сот жашы жете элек кызына ыдык көрсөтүүгө шектелген адамды камакка алды

Бишкектин тургуну күйөөсү жашы жете элек кызына сексуалдык ыдык көрсөткөнүн билдирди. Ал камакка алынды. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Алардын маалыматына ылайык, Свердлов райондук соту шектүүнү 3-октябрга чейин борбор калаадагы ТИЗО-1ге киргизген.Свердлов РИИБнен шектүүгө карата «Ыплас аракеттер» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун айтышты.

Буга чейин укук коргоочу Камиль Рузиев кыздын апасы 2020-жылы милицияга кайрылып, күйөөсү жашы жете элек кызына бир нече жолу ыдык көрсөткөнүн билдиргенин айтып берген.

Бирок ал убакыттан бери укук коргоо кызматкерлери ишти «бир нече жолу токтотушкан». Милиция кызматкерлери атайын экспертизада кыздын сөздөрү тастыкталбаганына таянышкан — анда экспертиза «кыз атасына жалаа жаап жатат» деп көрсөткөн. Бирок, укук коргоочунун айтымында, кыз 2022-жылы Стамбул протоколунун негизинде психологиялык-психиатриялык экспертизадан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөн. Анын жыйынтыгында кыз чындап эле атасы тарабынан ыдык көргөнүн аныкталган.

Рузиев буга байланыштуу кыздын апасы кылмыш ишин кайра козгоп, күйөөсүн жоопкерчиликке тартууну талап кылып жатканын белгилеген.

Укук коргоочунун айтымында, буга чейин аял өзү дагы күйөөсү жана кайын энеси тарабынан зомбулукка кабылган.

Балдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Муну менен кошо балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Июлдун аягында Ички иштер министри Улан Ниязбеков жашы жете электерге карата кылмыштардын өсүшү тууралуу билдирүү жасаган.

Көбүнесе иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдарга карата зордук-зомбулук туугандар тарабынан жасашат. Жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү арыз жазууну чечишсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.