Жапаров оппозицияга алтындын сатылышын текшерүү боюнча комиссияны жетектөөнү сунуштады

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде алтындын экспорттолушун текшерүү боюнча комиссия түзүүгө каршылыгы жоктугун билдирди. Буга чейин оппозиция жана депутаттар бийликтен «Кумтөрдүн» иши жана 2021-жылы сатылган алтын боюнча — маалыматтын бир бөлүгү жашырылган — отчёт берүүнү талап кылган.

Жапаров былтыр сатылган 19 тонна алтын боюнча буга чейин түшүндүрмө бергенин эске салды. Анда президент баасы 1,1 млрд $ турган алтын кайда экспорттолгону тууралуу маалымат коопсуздук максатында жашырылганын айткан болчу.

«Айрым депутаттар, саясатчылар текшерип чыгалы деген сунуштарын айтып жатышпайбы, эч каршылык жок. Текшерүү комиссиясынын башына оппозициядан коюшсун. Же эң сабаттуу депутатты комиссиянын башына коюп, былтыртан берки алтындын ар бир граммын текшерип чыгышсын. Коомчулуктун атынан Азимбек Бекназаровду, алтындын "а" тамгасынан түшүнүгү жок жаш балдар чыгып атышат, аларды да кошуп алса болот», — деди ал.

Президент комиссия «канча алтын чыгып, кайда, канчадан сатылды жана башка бардык суроолуу маселелери болсо текшерип чыгып, элге ачык жарыяласын» деп белгиледи.

«Жашыра турган эч нерсебиз жок. Учурда [Кумтөрдө Башкы прокуратуранын] тергөө тобу иштеп жатат. [Комиссия] ошолор менен бирге иштешсин», — деди Жапаров.

Теңгиз Бөлтүрүк жана Садыр Жапаров Кумтөр кенинде. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Президент «19 тонна эле эмес, 19 грамм алтындын» дагы эсеби архивде сакталарын дагы бир жолу эске салды. Анын айтымында, «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизилип жатканда Теңгиз Бөлтүрүккө эч кимди, анын ичинде Жапаровдун өзүн укпа деп айткан, себеби сырткы башкаруучу ар бир грамм алтын үчүн жооп берет.

«Ошентип бир да кадр киргизбедим, [кендин] бир дагы ишине кийлигишпедим. Себеби "vына сиз кийлигишип, "Кумтөр" ишин толук аткара албай калды" деген дооматтар болбосун дедим. [...] Теңгиз мырзанын башкаруу убагында алтын боюнча эч кандай маселе болгон жок. Болушу да мүмкүн эмес эле. Анткени алтын уурдоо деген түшүнүк ал жакта жок, баары компьютерлештирилген», — деп билгиледи Жапаров.

Президент «Кумтөрдөгү» финансылык бузуулар тууралуу дагы айтты. Мындан улам Теңгиз Бөлтүрүк кендин убактылуу сырткы башкаруучусу кызматынан алынган болчу. Президент «Кумтөрдө» Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп жатканын эске салды. Көзөмөл органы кендин ишин УКМК, ИИМ жана Эсептөө палатасы менен бирргеликте текшериши керек.

«Теңгиз мырзанын [финансылык мыйзам бузулуларга] катышы барбы же жокпу аны тергөө аныктайт. Убагы келгенде аны да айтабыз. Элден жашыра турган эч нерсебиз жок. Мындан ары эч нерсе жашыруун болбойт», — деп убада кылды президент.

Мындан тышкары, Жапаров «Кумтөрдүн» жаңы жетекчисине да «бир грамм алтын, бир сом уурдалбасын, уурдалган каражат үчүн катуу жооп бересиң» деген талап койгонун кошумчалады.

«Менимче эч ким түрмөгө баргысы келбесе керек», — деп жыйынтыктады президент сөзүн.

Алтынга байланышкан чуу жана оппозициянын талаптары

Кыргызстанда бир нече аптадан бери 1 млрд долларга сатылган 19 тонна алтын тууралуу маалымат жашырылганына байланыштуу талаш-тартыш бүтпөй келет. Улуттук банктын отчётунда суммасы 1,1 млрд долларды түзгөн 19,2 тонна алтын «белгисиз өлкөгө» экспорттолгон деп айтылат. Президент Садыр Жапаров коопсуздук үчүн алтын сатылган өлкө сыр боюнча калат деп билдирген.

Бирок журналисттер алтындын кайда сатылганын аныкташкан — ал өлкө Швейцария болуп чыккан.

Алтындын сатылганы тууралуу маалыматтар жашырылганын шартта Бириккен демократиялык кыймыл бир нече ирет билдирүү жасаган. Алар президенттен жай мезгилинде Кыргызстандын карамагына өткөн «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгү жана алтын боюнча отчёт берүүнү талап кылышкан.

Парламент да министрлер кабинетинен алтын боюнча отчёт берүүнү талап кылууда. Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында бир катар депутаттар бул маселе боюнча парламентте өкмөттүн отчётун угууну сунушташкан.

Депутат Шайлообек Атазов жыйынга кендеги финансылык бузуулардан улам кызматтан алынган «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү да чакыруу керектигин айткан. Кесиптешин депутаттар Тазабек Икрамов менен Дастан Бекешев да колдогон.

Ал эми депутат Исхак Масалиев президент Садыр Жапаров быйыл июлда «Кумтөр» боюнча отчёт берүүнү убадалаганын, бирок убадасын дагы деле аткара электигин эске салган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бийлик Швейцария Кыргызстандан 1,1 млрд долларга алтын сатып алганын жашырып койгон