Равшан Жээнбеков: Оппозиция алтындын сатылышын текшерүү боюнча комиссияны жетектөөгө даяр

Бириккен демократиялык кыймыл оппозиция катары президент Садыр Жапаров алтындын сатылышын текшерүү боюнча комиссияны жетектөө сунушун колдойт. Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөсү Равшан Жээнбеков билдирди.

Ал оппозиция бийликтен «конкреттүү кадамдарды күтүп жатканын» айтты.

Буга чейин президент Садыр Жапаров оппозицияга алтындын экспорттолушун текшерүү боюнча комиссияны жетектөөнү сунуштаган.

Өлкө башчысы мындай сунушту оппозиция жана депутаттар бийликтен «Кумтөрдүн» иши жана 2021-жылы сатылган алтын боюнча отчёт берүүнү талап кылгандан кийин киргизген.

Жапаров комиссия «канча алтын чыгып, кайда, канчадан сатылды жана башка бардык суроолуу маселелери болсо текшерип чыгып, элге ачык жарыяласын» деп белгилеген.

«Жашыра турган эч нерсебиз жок. Учурда [Кумтөрдө Башкы прокуратуранын] тергөө тобу иштеп жатат. [Комиссия] ошолор менен бирге иштешсин», — деген ал.

Алтынга байланышкан чуу

Кыргызстанда бир нече аптадан бери 1 миллиард долларга сатылган 19 тонна алтын тууралуу маалымат жашырылганына байланыштуу талаш-тартыш бүтпөй келет.

Улуттук банктын отчётунда суммасы 1,1 миллиард долларды түзгөн 19,2 тонна алтын «белгисиз өлкөгө» экспорттолгон деп айтылат. Президент Садыр Жапаров коопсуздук үчүн алтын сатылган өлкө сыр боюнча калат деп билдирген.

Бирок журналисттер алтындын кайда сатылганын аныкташкан — ал өлкө Швейцария болуп чыккан.

Алтындын сатылганы тууралуу маалыматтар жашырылганын шартта Бириккен демократиялык кыймыл бир нече ирет билдирүү жасаган. Алар президенттен «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгү жана алтын боюнча отчёт берүүнү талап кылышкан.

Парламент да министрлер кабинетинен алтын боюнча отчёт берүүнү талап кылууда. Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында бир катар депутаттар бул маселе боюнча парламентте өкмөттүн отчётун угууну сунушташкан.

Тема боюнча:

Жапаров оппозицияга алтындын сатылышын текшерүү боюнча комиссияны жетектөөнү сунуштады