Республикалык кан борбору кыргыз-тажик чек арадан жараат алгандар үчүн кан чогултууда

Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу Республикалык кан борбору кандын жана анын компоненттеринин запасы болушу үчүн өлкөнүн жарандарын акысыз кан тапшырууга чакырат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, акысыз кан тапшырууну каалаган жарандар өлкө аймактарындагы кан борборлоруна кайрылса болот.

Жаныңызда өздүгүңүздү тастыктаган документ: паспорт, аскердик билет же айдоочулук күбөлүк болушу керек. Мындан сырткары, кан тапшыраардын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарынан баш тартуу зарыл.

Облустун баардык кан борборлорунун кан алуу убактысы дүйшөмбүдөн жума күнүнө чейин саат 08:00дөн 14:00гө чейин, ал эми ишемби күнү алар саат 08:00дөн 11:00гө чейин иштейт.

Кан борборлорунун даректери:

  • Бишкек шаардык кан борбору, Республикалык кан борбору — Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60;
  • Талас облустук кан борбору — Чыңгыз Айтматов көчөсү, 259 — 0342260679, 0342252435;
  • Жалал-Абад облустук кан борбору — Глинка көчөсү, 22 — 0372225431, 0372225459;
  • Ош облустук кан борбору — Ош шаары, Верхне-Увамская көчөсү, 12. (Ориентир: Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын үй-бүлөлүк жатаканасы) — 0552 60 61 26;
  • Баткен облустук кан борбору — Төрөкул Айтматов — 0772695226, 0555695226, Айибхан Акматов.

Тажикстан менен чек арадагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Анда куралдуу кагылышуу Баткен облусунун үч аймагында башталган. 15-сентябрь күнү Чек ара кызматынан кыргыз-тажик чек арасындагы абал «салыштырмалуу туруктуу» деп мүнөздөлүп жатканын, ал эми түн тынч өткөнүн билдиришкен.

Бирок 16-сентябрда Чек ара кызматы тажик тарап чек аранын бардык аймактарындагы аскердик жана жарандык объектилерге кол салганын айткан. Тажик тарап оор аскердик техникаларды колдонгону белгиленген. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууну көздөп жатканын билдирген.

УКМКнын Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн билдирди. Бирок саат 09:00гө карата абал чыңалуу бойдон сакталып турат.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги кол салуунун кесепетинен 103 адам жарадар болуп, кеминде 24 адам каза тапканын кабарлады.

Тема боюнча:

Чек арадагы атышуунун кесепетинен 24 киши каза таап, 103 адам жарадар болду

Кыргыз-тажик чек арасында эмне болуп жатат? Хронология