Иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту 28-сентябрда уланмай болду

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 22-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши каралып, кийинки отурум 28-сентябрда өтмөй болду. Темиров паспортту, аскердик билетти мыйзамсыз алууга, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө жана баңги заттарын сактоого айыпталып жатат.

Бир күн мурдагы отурумда тараптардын жарыш сөзү айтылып, сот акыркы чечимди бүгүн чыгарат деп күтүлгөн болчу.

Сот кандай өттү?

22-сентябрдагы сот бир саатка да созулган жок. Темировдун жактоочулары айыптоолор менен такыр макул эмес экенин айтышып, журналисттин кеңсесин тинтүүдө жана бир катар протоколдордо мыйзам бузуулар бар экенин белгилешти.

Мындан сырткары экспертизалар Темировдун баңгизат колдонбогонун көрсөткөнүн баса белгилеп, аны актоону сурашты.

Ал эми прокурор «укук коргоо органдарынын иш-аракеттеринин баары мыйзамдуу болгон» деп айтты.

Сот тараптардын сөздөрүн угуп, Болот Темировго акыркы сөздү 28-сентябрда берүү чечимин кабыл алды.

Ал эми Темиров өзү муну «менин убактымды алуу аракети» деп атады. Анын айтымында, буга чейин сот ишти тездетип келген болсо, эми созуп жатат.

«Абдан кызык. Буга чейин жумасына үчтөн отурум коюп жаткан. Азыр болсо бир жумага жылдырылды. Бул сот өзүнүн чечимин айтууга даяр эмес экенинен кабар берет. Балким алар кеңешип, сүйлөшүп жаткандыр», — деп божомолдоду ал.

21-сентябрда Свердлов райсотунда Темировдун иши боюнча тараптардын жарыш сөзү болгон. Анда айыптоочу тарап журналистти күнөөлүү деп, аны беш жылга эркинен ажыратууну сураган.

Өз кезегинде иликтөөчү журналист ага тагылып жаткан айыптарды мойнуна алган эмес.

«Кылмыш ишиндеги томдорду көбөйтүп, каалаганды кыла берсе болот, бирок башынан коюлуп жаткан негиздеме — жалган. Анкета жасалма болгон. Ошол жасалма анкетанын негизинде паспорт алуу мүмкүн эмес. Эгер мүмкүн болсо, анда паспорт берүүчү жалпы мамлекеттик системаны таштандыга ыргыта берсе болот», — деген ал.

Болот Темировго козголгон кылмыш иштер

20-январда Temirov Live мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Эки күндөн кийин, 22-январда, милиция Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темировду жана анын кесиптеши, төкмө акын Болот Назаровду кармаган. Мындан сырткары соцтармактарда Темировду жана анын командасын каралаган видеолор тарай баштаган.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий мүнөзгө ээ» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Next TVнын директору Дүйшенбиев 5 жылга соттолуп, пробация менен сот залында бошотулду

Мамкаттоонун кызматкерлери Болот Темиров паспортун мыйзамдуу алганын билдиришти