Президент алтын уурдагандарды жакыны же досу экенине карабай каматууну убада кылды

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалыматтык агенттигине интервью берип, кезектеги жолу алтын темасына байланыштуу суроого жооп берди. Маек учурунда журналист президентке коомчулукта «алтын уурдалып жатат» деген кептердин аягы дагы деле токтой электигин айткан.


«Өткөндө эле айттым эле, учурдан пайдаланып, дагы бир жолу айтып коеюн. Жогорку Кеңеш тиешелүү комиссия түзүп, текшерип келгенге толук укугу бар. Эч ким бут тоспойт. Төрагага айтам, комиссия түзүшсүн. Текшерип келип, жалпы элге [алтын алтын уурдалганы] чын же калп экен деп жарыя кылып коюшсун. Комиссияга коомчулуктун өкүлдөрүнөн дагы кошуп алышсын. [...] Мен айтып коёюн, тонналаган алтынды бул жакка коёлу, 1 кг алтын уурдаган болсо, жакыным же досум экенине карабай каматам. Уурдаганын он эселеп кайтартабыз. Андыктан, мен президент болуп турганда “алтын уурдалат” деген түшүнүктөн таптакыр эле алыс болгула», — деди президент.


Буга чейин «Кумтөрдө» аныкталган финансылык бузуулар менен жалпы баасы 1 млрд доллар деп бааланган 19,2 тонна алтын сатылганына байланыштуу чуунун шартында оппозиция бийликтен отчёт талап кылган. Бул талапка байланыштуу президент Садыр Жапаров комиссия түзүүнү, курамына оппозиция мүчөлөрүн дагы киргизүүнү сунуштаган. Ал эми Бириккен демократиялык кыймыл (БДК) комиссияны жетектөөгө даяр экенин, «бийлик тараптан конкреттүү кадамдарды күтүп жатышканын» айтып жооп беришкен.

22-сентябрда парламент депутаттары Министрлер кабинетинин «Кумтөрдүн» иши тууралуу отчётун угушары маалымдалган болчу. Талкуу болгон-болбогону белгисиз, эл өкулдөрү жабык жыйын өткөрүштү.

Тема боюнча: Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк ТИЗОго киргизилди