Түптө аялын сабаган милиционер иштен алынбай эле 40 сааттык коомдук ишке тартылды

Түп РИИБнин кызматкерин аялын жана кайын эжесин сабаганы үчүн 40 сааттык коомдук ишке тартуу өкүмү чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» Каракол шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал жактан укук коргоо органынын кызматкери Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылганын айтышты.

Бул берене боюнча аялы менен кайын эжесин сабаган милиция кызматкери 40 сааттык коомдук ишке тартылат, же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алынат.

Ысык-Көл ОИИБнен милиционерге карата соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан улам кылмыш иши козголбогонун түшүндүрүштү «Клоопко». Экспертиза жабырлануучунун ден соолугуна «жашоосун жана эмгекке жарамдуулугу бузулбастан жеңил залал» тийгизилгенин көрсөткөн.

Басма сөз кызматтан милиция кызматкери Түп РИИБинде ишин улантып жатканын кошумчалашты.

Эмне болгон?

Милиционер 10 жылдан бери аялын уруп-сабоого шектелип жатканы 17-сентябрда белгилүү болгон.

Анда Ысык-Көл ОИИБден жабырлануучу күйөөсүнүн үстүнөн 2022-жылдын августунда эле арыз жазганын билдиришкен.

«Шектүү офицердик наамын окуяга болуп кеткенге чейин эле алган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйыныгын күтүп жатабыз. Экспертиза чыккандан кийин кылмыш ишин козгоо тууралуу чечим чыгарабыз. Юридикалык дагы баа берилет», — деп айтышкан анда милициядан.

Милициядан жабыркаган аялдын эжесинен дагы арыз түшкөнүн, ал дагы шектүүнүн зордугуна кабылганын жазган.

Үй-бүлөлүк зомбулук жана фемицид

2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Amnesty International 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылбаганы айтылган.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.