ИИМ: Бейшеналиев баш коргоо чарасы аныкталганга чейин убактылуу кармоочу жайда болот

Ички иштер министрлиги тарабынан «пара алууга» шектелип кармалган билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр сот тарабынан баш коргоо чарасы аныкталганга чейин убактылуу кармоочу жайда болот. Бирок, анын баш коргоо чарасы качан каралат белгисиз, милициядан «жакынкы күндөрү аныкталат» деп айтышты.

«Пара алуу фактысы ар тараптуу, дыкат жана акыйкат иликтенип, бардык жагдайлар тастыкталууда», — деп белгилешти ИИМден.

Министрдин кармалышы жана депутаттардын нааразычылыгы

28-сентябрда ИИМ Алмазбек Бейшеналиевди чет өлкөлүк студенттерди өлкөдөгү жогорку окуу жайларга кабыл алууда «өзгөчө ири өлчөмдө пара алган» деген шек менен кармаган. Сөз 110 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаты тууралуу экени айтылууда.

Ал эми Жогорку Кеңештин айрым депутаттары билим берүү министринин кармалганына наарызы болушту. Депутат Эмил Токтошев билим берүү министри пара алганынан күмөн санаарын билдирди.

«Биз Алмаз Бейшеналиевди билимдүү, тартиптүү киши катары баалап ушул жерден шайладык эле. [...] Реформа кылам деген киши мындай жолго барбашы керек эле. Ошондой болсо дагы ушул иш так дыкат тергелсин. Прокуратура көзөмөлүнө алсын», — деди депутат.

Ал эми депутат Жанар Акаев Бейшеналиевдин кармалганы мугалимдерди капа кылганын билдирди. Ошондой эле эл өкүлү минкабдан аткаминерлерди кармоодо шоу жасабоону суранды.

Акаев мындай камоолордун айынан өлкөдө эч ким мамлекеттик кызматка иштегиси келбей калганын айтат.

Тема боюнча:

Парламент депутаттары билим берүү министри кармалганына нааразы болушту