УКМК ардагерлердин Ташиевди сындап, кырдаалды курчутпоону суранган билдирүүсүн таратты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети күч органдарынын ардагерлеринин билдирүүсүн таратты. Анда ардагерлер оппозциянын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ишине карата сынына жооп беришкен.

Буга чейин Бириккен демократиялык кыймылдын мүчөлөрү президент Садыр Жапаровго кайрылып, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди кызматынан четтетип, жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан. Алар Ташиевдин кыргыз-тажик чек арасындагы төрт чек ара постун алып таштоо чечими баткендиктерди «коргоосуз» калтырганын белгилешкен.

Билдирүүдө Ташиевди кызматтан алууну уюмдун мүчөлөрү эле эмес, көптөгөн кыргызстандыктар дагы талап кылып жатканы айтылган.

Ардагерлер эмне деп жооп беришти?

Кайрылууда ардагерлер оппозициянын «коомдук пикирди бурмалоого багытталган өтө өтө акаарат билдирүү абдан нааразы» экени айтылат.

«Биринчиден, чек арада тынчтыкка жана ынтымакка муктаж болгон чек арага жакын аймактардын калкы, түзүлгөн кырдаалды өздөрүнүн кызыкчылыктарына пайдалануу менен айтылган так ушундай билдирүүлөрдөн тынчсызданууда. Бул нерселер, өлкө бийлиги, анын ичинде Ташиев, болгон окуянын кесепеттерин тез арада жоюу, талкаланган жана күйүп кеткен инфраструктураны калыбына келтирүү жана калкты тийиштүү турак-жай менен камсыз кылуу жана башка маселелерди чечүү менен алек болуп турган учурда болууда. Азыр чек ара аймагынын тургундары жакындап келаткан сууктан тынчсызданууда, аларга тез арада жардам берүү зарыл. Негизсиз сындагандын ордуна, пайдалуу кеңештер менен жардам берүү керек», — дешет алар.

Ардагерлер кол коюлган №42 протоколду зарыл документ, «анын аркасында кагылышуу токтоп, тынчтык орноп, айыл эли кайра [үйлөрүнө] кайтып бара алышат» деп эсептешет.

Алар Ташиев коопсуздук органдарынын толук кандуу иштешин камсыз кылуунун алкагында «чоң эмгек» кылып жатат деп дагы кошумчалашты. Алардын айтымында, «масштабы жана маанилүүлүгү боюнча да бул иштер жетекчи тарабынан биринчи жолу кылынууда, постсоветтик доордо да, тынч совет доорунда да мындай иштер көрүлгөн эмес».

«Ал эми Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишин талап кылгандар боюнча, УКМКнын кызматкерлери жана ардагерлери алардын арасында бул кызматта иштеп жүргөндө конструктивдүү, үлгүлүү иш жасабаган мурдагы УКМКнын жетекчилери да бар экенин билишет», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле ардагерлер алдыда дагы көп иштер жасалышы керектигин, «сынды УКМКнын азыркы жетекчилиги Ташиевдин аркасы менен дайыма эске алып келерин» кошумчалашты.

«Ардагерлер коомчулуктун бир бөлүгү катары псевдопатриоттор элдин тынчын албоосун, өлкөдөгү кырдаалды, өзгөчө ушундай кыйын мезгилде курчутпоону талап кылышат», — деп кайрылышты алар.

Ташиевге карата сын

Ташиевдин ишин оппозиция эле эмес, парламент да сынга алган. Жогорку Кеңештин 28-сентябрындагы отурумунда депутат Мирлан Самыйкожо «бийликтин шалаакы жана кайдыгерлигинен» улам Тажикстан менен болгон кагылышууда Баткенде 62 кыргызстандык курман болгонун белгилеген.

«Кечээки Баткендеги шалаакылыктын, кайдыгерликтин айынан окко учкан кырчындай өмүрлөргө [...] ботодой боздогон энелердин көз жашына сөзсүз жооп берилиши керек. [...] Чаржайыт иш алып барган чалгындоо ишинин чабалдыгына ким жооп берет? Же эмне биздин өлкөдө “төшөк чалгын”, “кустурчалгын” жана “контрабанда чалгын” эле иштеп калдыбы? Мамлекеттин коопсуздугун өз кекиртегибиз эмес, өз өмүрүбуздөн дагы биринчи коюшубуз зарыл эле. Парламент өз милдетин аткарып, аскердик акыбалыбызды чыңдоо жана алдын алуу үчүн оңой эмес суммадагы акча каражатын бөлдүрүп берген. Кана ошол каражаттардын дайын-дареги? Эффективдүү, натыйжалуу же натыйжасыз пайдаланылганы боюнча эч ким жооп бере элек. Мунун баарына ким жооп берет?» — деп суроо салган депутат.

Ал эми депутат Султанбай Айжигитов №42 протокол боюнча төрт чек ара посту алынса Кыргызстан Баткен облусунун жарымын жоготуп алуу коркучунуна кептелерин билдирген. Анын пикиринде, бул протоколду жокко чыгаруу же кайрадан карап чыгуу керек.

Мындан тышкары, Адахан Мадумаров дагы сын айтып, Ташиевдин аракеттерине укуктук баа берилиши зарыл экенин айткан.

«Өлкөдө эле эмес, биздин Жогорку Кеңештин ичиндеги кырдаал жеңил эмес. Коопсуздук кызматынын жетекчиси (Камчыбек Ташиев — ред.) эки жашик автомат көтөрүп парламенттин ичине кирип келгени бул өтө чектен чыккан жапайычылык. Биз мыйзам чыгаруу органы катары ар бир кыймыл-аракеттин мыйзамдуулугуна сөзсүз түрдө баа беришибиз керек. Ага баа бере албасак анда Жогорку Кеңеш өз ишин аткара албады деп билишибиз керек», — деген Мадумаров.

УКМК болсо Мадумаровдун айткандарын төгүнгө чыгырган.

Өлкө ЖМКсы кол коюлган №42 протоколго баткендиктер өздөрү да нааразы экенин жазышууда. Чек ара айылдарынын тургундары үч күндөн бери Ташиев менен жолугууну, протокол боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышууда.