Азимбек Бекназаров «Кумтөр» боюнча коомдук комиссия түзүлгөнүн билдирди

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров «Кумтөр» боюнча коомдук комиссия түзүлгөнүн билдирди.Буга байланыштуу кайрылуу «Клооптун» редакциясына келип түштү.

Бекназаровдун айтымында, президент Садыр Жапаровго, төрага Талант Мамытовго жана минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго кат жолдогон.

«Буга 2022-жылдын 8-сентябрында президентибиз да аралашып: “Керек десеңер коомдук комиссия түзгүлѳ…”– деген оюн ачык билдирди. Кыргызстандын кен байлыктарындагы абалга, айрыкча кыргыз коррупциясынын атасы аталган “Кумтѳр”алтын кениндеги, анда ѳндүрүлгѳн алтын жана башка сейрек кездешчу металлдардын тагдырына, кейиштүү экологиялык абалына, “коррупциялык схемаларына” кѳп жылдардан бери, атуул катары кайдыгер карабаган тѳмѳнкү атуулдар ѳз ыктыярыбыз менен коомдук башталгычтагы атайын комиссияга бириккенибизди сиздерге расмий билдиребиз», — деп айтылат катта.

Саясатчы комиссиянын максаты — «Кумтѳр» алтын кенинин айланасындагы болуп жаткан «талаштуу» маселелер боюнча ар тараптуу, кѳзкарандысыз иликтѳѳ жүргүзүү жана коомчулукка маалымат берүү экенин айтты.

Маалыматта коомдук комиссияны Бекназаров жетектей турганы, ага төмөнкү адамдар киргени айтылат:

  • Кубанычбек Исабеков – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери;
  • Дырылдаев Рамазан – коомдук-саясий ишмер;
  • Гани Абдирасулов – экономист;
  • Данияр Эркинбаев – юрист;
  • Айданбек Акматов – журналист;
  • Айбек Бузурманкулов –Талас облусунун мурдагы губернатору.

Бекназаровдун иштен алынышы

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров 7-сентябрда журналисттерге маалымат жыйын уюштуруп, «Кумтөр» маселесине байланыштуу иштен алынганын билдирген.

Анын айтымында, ал кызматынан алынганын 4-августта ЖМКдан билген, ТИМ ага бул боюнча буйрукту 8-августта гана тапшырган.

Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулганы 5-августта белгилүү болгон. Президенттин жарлыгында саясатчы «коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдей албаганы» айтылган.Кызматтан алуу чечими Бекназаров Кумтөр кенине байланыштуу жаңы келишимди сындап чыгуусунун шартында кабыл алынган.

Бекназаров Кыргызстан канадалык «Центерра Голд» компаниясына коррупциялык схемалардан улам күнөө коё албаганын, экологиялык доодон баш тартканын «утулуу» катары сыпаттаган.

Азимбек Бекназаров 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңешке депутат, 2005-жылы башкы прокурор болгон. Ал 2010-жылы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ошондой эле 2005-жылдагы «Жоогазын» жана 2010-жылдагы «Апрель» революциясына саясий лидер жана активдүү мүчө катары катышкан.

2020-жылы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Азимбек Бекназаров: Бир жарым жылда эл бийликтин шоу, алдамчылык саясатына тоюп бүттү

Азимбек Бекназаров президент аны Кумтөр маселесине байланыштуу иштен алганын билдирди