Жогорку Кеңеш Баткендеги кагылышуу боюнча эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдойт

Жогорку Кеңеш Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууга байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешине, ЕККУга, ЖККУга жана башка эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдойт. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы жазды.

Эл өкүлү Чыңгыз Айдарбековдун айтымында, кайрылуунун текстин эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети даярдаган.

«[Кайрылууда] Баткенде болгон окуяларга саясий баа берилди. Окуя Тажикстан тараптан Кыргызстанга карата агрессия экени белгиленди. Оор аскердик жана артилериялык техника колдонулганы, ошондой эле бардык аскердик аракеттер Кыргызстандын аймагында жүргөнү [көрсөтүлдү]. Бул ынактык мамилеге дал келбейт. Биз [эл аралык уюмдар чек арадагы жаңжалга] укуктук баа берилип, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу үчүн кайрылып жатабыз», — деп айтып берди ал 24.kg басылмасына.

Чек арага жакын Капчыгай айылында кыйраган үй. Баткенде жалпы 618 үй талкаланып же зыян тартканы маалымдалган. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop.

Айдарбеков кайрылуу БУУнун Коопсуздук кеңешине, ЕККУ, ЖККУ жана башка эл аралык уюмдарга жиберилерин билдирди. Ал парламент жалпысынан дүйнөлүк коомчулукка кайрылганын белгиледи.

Чек арадагы куралдуу кагылышуу

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.