Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт

Түркияда төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Анын жабылуу аземинде кийинки оюндар Казакстанда өтөөрү белгилүү болду.

Бул жолку оюндар Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрдан 2-октябрга чейин өттү. Ага 102 өлкөдөн үч миңден ашык спортчу келди. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышты.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул Кыргызстандын ири долбоору. Ал 2014-2018-жылдар аралыгында жыл сайын Кыргызстанда өтүп келген. Кийин эстафета Түркияга берилген. 2020 жана 2021-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары COVID-19 пандемиясынан улам убактылуу жылдырылган.

Көчмөндөр оюндарында спорттун этникалык түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештер өткөрүлөт. Мелдештин негизин Борбор Азиянын байыркы көчмөн элинин оюндары түзөт.

2021-жылдын декабрында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Көк бөрү боюнча кыргыз курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эң күчтүү команда болду

Көчмөндөр оюндары: Кыргыз балбандары шалвар күрөшү боюнча үч медалга ээ болушту

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан классикалык алыш бел боо күрөшү боюнча биринчи орунду ээледи

Көчмөндөр оюндары: Кыргыз балбандары капышмалы аба күрөшү боюнча төрт медалга ээ болду