Салык кызматы салык төкпөй туруп турак жайын ижарага бергендер тууралуу кабарлап турууга чакырды

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) жарандарды салык төлөбөй туруп турак жайын ижарага берип жаткандар тууралуу кабарлап турууга чакырды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

МСКдан батирин же үйүн ижарага берген жеке жактар салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөгө тийиш экенин билдиришти.

«Кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот. Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы мүлктү ижарага берген жарандарды өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жана тиешелүү салыктарды төлөөгө чакырат», — деп кайрылды салык кызматы.

МСК жарандарды салык төлөбөй туруп турак жайын ижарага бергендер тууралуу дагы кабарлап турууга чакырды:

  • (0312) 613189 — байланыш телефону аркылуу;
  • (0779) 613189 — Whatsapp номери арыкылуу;
  • 116 — ыкчам байланыш номери же
  • аймактык салык органдарына кайрылуу аркылуу.

Салык кызматынан салык төлөбөгөнү аныкталган учурда турак жайын ижарага берүүчү адамга карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөрүн белгилешти. Ошондой эле Салык кызматы алар турак жай ижарасынын бааларын жөнгө салууга ыйгарым укугу жоктугун кошумчалашты.

Орусиядагы мобилизация жана турак жай ижарасынын бааларынын көтөрүлүшү

Орусияда мобилизация жарыяланганы тууралуу биринчи кабарлар айтыла баштагандан кийин эле бир жуманын Бишкекте батирлердин иражасы акысы кымбаттап кетти. Борбор Азиянын ири шаарларында ижара акылары көтөрүлүп кеткенине согуштан жашырынуу үчүн Орусиядан чыгып жаткан эркектердин массалык агымы менен байланыштуу.

Акыркы аптада өлкөгө канча орусиялык киргенин чиновниктер азырынча айта элек. Бирок Санариптик өнүктүрүү министрлигинен быйыл сегиз айдын ичинде Кыргызстанда 170 миңге жакын орусиялык каттоого турганын «Клоопко» билдирген.

Буга чейин кыймылсыз мүлк рыногунда иштегендер соңку аптада Бишкекте батирлердин ижара баасы болжол менен 33%га көтөрүлгөнүн, ижара акылары дагы өсө берерин айтышкан «Клоопко».

Айрым батир ээлери суроо-талап жогору болуп жаткан чакта пайда көрүүнү чечишкен.

Депутат Дастан Бекешев 29-сентябрда батирлердин кымбаттап жатканы тууралуу пикирин билдирген. Ал батирлерге рейд жүргүзүүнү сунуштаган.

«Эгер батирди ижарага берүүчүлөр салык төлөшсө, алар келишим түзүшөт. Ошондо Иван келип: Мыктыбекти чыгар, мен сага көбүрөөк акча төлөйм деген учурлар аз болот», — деген эл өкүлү.

Тема боюнча: Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин Бишкекте батирлердин ижарасы 30%га кымбаттады

Бишкектин рдин ижара акысы 40 миң сомго чыктыайланасында бир бөлмөлүү бати