Акылбек Жапаров: Келечекте балдар азыркы учурду Садыр Жапаров менен байланыштырышат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-октябрда азыркы кишилер өткөн учурду Исхак Раззаков жана Турдакун Усубалиев менен байланыштыргандай эле качандыр бир убакта балдар ушул учурду президент Садыр Жапаров менен байланыштырышат деп эсептей турганын билдирди.

Бул тууралуу оюн өкмөт башчысы Бишкектеги №20 мектеп гимназиясынын кошумча корпусунун ачылышында айтты.

Жапаровдун айтымында, жаңы конуштарга 5 жаңы мектеп салынган, калган мектептерде көмөкчү корпустар курулуп, ал эми авариялык абалдагы эки мектептин ордунда жаңылары ишке кирген.

«1950-1959-жылдары Фрунзе шаарында 11 мектеп курулган, ал индустриялаштыруу мезгили болчу, бул мезгилдерди Исхак Раззаков менен байланыштырганбыз. Ал эми 1960-1969-жылдары 31 мектеп курулган, бул Турдакун Усубалиевдин учуру. 2022-жылы 5 айдын ичинде Бишкекке 15 мектеп, 1 бала бакча курдук. Менин оюмча, качандыр бир кезде биздин балдар бул учурду Садыр Жапаров менен байланыштырышат», — деди ал.

Жапаров өкмөттүн жакынкы жылдары Бишкектин калктуу конуштарында дагы жети мектеп куруу планы бар экенин кошумчалады.

Кыргызстандагы мектептер

Кыргызстанда мектептерге байланышкан маселе курч бойдон калууда. Биринчиден, окуучулардын саны абдан көп — бир партада үчтөн отурган учурлар кездешет. Экинчиден, пайдалануудагы мектеп имараттары көбүнесе авариялык абалда. Натыйжада ал жерде окуган балдарга быйыл май айында Чаткалдагы мектептегидей болуп сабак учурунда шыбы урап түшпөйт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Өлкө бийлиги, албетте, бул маселелерден кабары бар. Мындан үч жыл мурда, 2019-жылы, өкмөттүк жумушчу топ өлкөдөгү авариялык мектептердин санын эсептеп чыккан — 245. Жумушчу топтун корутундусуна ылайык, аларды сүрдүрүп салуу керек, себеби окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат, ал эми ордуна — жаңы имараттар курулууга тийиш.

Эгер президент Садыр Жапаровдун айткандарына ишенсек, жаңы мектеп имараттарынын жетишсиздигине байланыштуу маселе активдүү чечилип жатат. Апрелдин аягында президент бир жарым жылдан бир аз ашык убакыт аралыгында — 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын апрелине чейин — өлкөдө 68 мектептин курулушу аяктаганын, алардын баары республикалык бюджеттин эсебинен курулганын билдирген.

Бирок «Клооп» жана «Дата мектеп» аталган мектептердин бир бөлүгү жаңы эместигин — алар иштеп аткан мектептердин кошумча корпустары менен спортзалдары экенин аныкташкан.

Дагы окуңуз: Садыр Жапаров 68 мектеп курулду деп ашырып айткан

Нарын: 20 градуска кыйшайып калган мектеп урап калуу коркунучунда турат

Бир партада үчтөн окуучу. Кыргызстанга учурда 100дөгөн мектеп куруу зарыл!