«Атасынын сөзү үчүн жооп бербейт». Депутат Икрамов Бекназаровдун уулуна жан тартты

Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин 12-октябрдагы отурумунда Азимбек Бекназаровдун экстремисттик материалдарды таратууга шектелип жаткан уулу — Руслан Бекназаровдун таламын талашты.

«Баласы атасынын айткан сөзү, кылган жумушу үчүн эч качан жооп бербейт. Бул жазылбаган мыйзамда дагы бар нерсе. Ошондуктан, Руслан Бекназаровго коюп аткан бүгүнкү доо эч кандай туура келбейт. Бул жигитти биз жакшы билебиз. Ошондуктан, акыйкат чечип берсеңер», — деп суранды Икрамов.

Эл өкүлү Руслан Бекназаровдун балдары да кайрылуу жазып, соцтүйүндөрдө таратып жатышканын кошумчалады.

Руслан Бекназаровго козголгон кылмыш иши

Милиция Руслан Бекназаровду 14-сентябрда кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. ИИМден ал экстремисттик материалдарды жайылтууга шектелип жатканын айтышкан.

Милициядан Фейсбукка мониторинг жүргүзүү учурунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» террористтик уюмунун идеологиясын пропаганда кылган материалдарды тараткан аккаунт аныкталганын маалымдашкан.

Аталган факты боюнча «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ага чейин милиция бул иш боюнча Бекназаровду суракка алган болчу.

15-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Бекназаровду 12-октябрга чейин ТИЗО-1де камакта калтырган.

Ал эми анын атасы Азимбек Бекназаров баласын камаганы бул бийликтин «пастыгы» деп атаган.

«Менин баламды камап, мен чөгөлөтөм деп жатасыңар. Жаңылышасыңар. Мени чөгөлөтөм деген далай президенттерди көргөм. Ошолордун бири — силерсиңер. Силер мени, кыргыз элин эле эмес, сырттан колдоп турган бакиевчилерди дагы 1,5 жылдан бери алдап келатасыңар. Убадаңарды аткарган жоксуңар», — деп айтып, өлкө жетекчилеринин отставкасын талап кылган.

Сотто айыпталуучу журналисттерге аны атасынын «Кумтөр» кенине байланыштуу сын-пикиринен улам камакка алышканын айткан.

«Бул эки достун кылган иши. Мени коё бергиле дешсе бошотот, а эгер жок десе бошотпойт. Мен сотко, тергөөчүгө, прокурорго аларды түшүнөрүмдү айтып, ишиңерди кыла бергиле дедим. Бул атамдын айткан сөздөрүнө байланыштуу экенин баары билет. Атамдын сынынан улам президент жеке буйрук берип мени камашты. Өч алуу саясаты эч качан жакшылыкка алып барбайт», — деген ал.

Руслан Бекназаров Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары. Ал бул кызматка 2022-жылдын июнь айында дайындалган.

Бекназаров бийликке сын айткандан кийин кызматтан алынган

Азимбек Бекназаров 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңешке депутат, 2005-жылы башкы прокурор болгон. Ал 2010-жылы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

2020-жылы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.

Ал эми Беканазаров элчилик кызматтан алынганы үстүбүздөгү жылдын 5-августунда белгилүү болгон.

Президенттин жарлыгында саясатчы «алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгы» маалымдалган.

Бекназаров өзү «Кумтөр» маселесине байланыштуу сын айткандан кийин кызматтан алынганын билдирген.

Тема боюнча:

Азимбек Бекназаров президент аны Кумтөр маселесине байланыштуу иштен алганын билдирди