Мирлан Жээнчороев көз карандысыз ЖМК жабылсын деген чакырыкты акмактык деп атады

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороев көз карандысыз ЖМКны жабуу чакырыгын акмактык деп атады. Мындай пикирин ал Твиттерге жазды.

«Көз карандысыз ЖМКга каршы чыгуу — бул акмактык! Ал эми кандайдыр кат жазып, кайрылуу демилгелөө үркөйлүк! Мындай версия бар: “үчүнчү жактар” Украинадагы согушту бейтарап чагылдырып жаткан ЖМКны жабууга аракет кылып жаткан болушу мүмкүн», — деп жазды ал.

Жээнчороев мындай билдирүүнү 13-октябрда «Азаттык» радиосунун имаратынын алдында митинг өткөн шартта жасады. Митингге чыккан 30дай киши «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.media көз карандысыз басылмаларынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышты.

Нааразычылыкка чыккандар «Азаттыкты» «бузукулар» жана «батыштын пропагандисттери» деп аташты. Ошондой эле, басылмалар «бир гана негативди чагылдырат», маалыматты «туура эмес» же «бир тараптуу берет» деген билдирүүлөр айтылды.

Алар ошондой эле «чет элдик агент» жөнүндө мыйзамды кабыл алууну да талап кылышты. Орусияда мындай мыйзам көптөгөн маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын жабылышына алып келген.

Көпчүлүк митингчилер кара көз айнек жана бет капчан турушту. Жүздөрүн көрсөтүүдөн баш тартып, колдорундагы плакаттардын артына жашынышты. Ал плакаттарда « “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” кетсин», « “Азаттык” — эл душманы», «НПОчуларга жол жок» жана «Батыштын кулдары» деген жазуулар жазылган болчу.

Митингге чейин, бир күн мурун депутат Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматова «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.media басылмаларын жабууга кол топтоп, президентке кайрылуу даярдап жатканын айтып чыккан. Нарматова өзү моюндаган эмес.

Көз карандысыз ЖМКга парламенттин отурумунда депутат Жанар Акаев да жан тарткан. Акаев президенттин Жогорку Кеңеш жана минкабдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, Конституциядагы принциптерге ылайык, сөз эркиндигин чектей турган мыйзамдар кабыл алынбашы керектигин айткан.

Эл өкүлү көптөгөн бийлик өкүлдөрү жана мурдагы президенттер ЖМКны каралоого аракет кылышканын, бирок «андан эч кандай майнап чыккан эместигин» белгиледи. Акаев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы масштабдуу куралдуу жаңжалда көз карандысыз басылманын журналисттери Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогонун белгилеген.