Көз карандысыз ЖМКларга каршы митингде айтылган чакырыктар боюнча экспертиза дайындалды

13-октябрда «Азаттыктын» кеңсесинин алдындагы митингде айтылган чагымчыл чакырыктарга лингвистикалык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу «Клоопко» Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша процессуалдык чечим кабыл алынат.

«Азаттык» радиосунун кеңсенинин алдындагы митинг 13-октябрда өткөн. Анда 30дай киши «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.media көз карандысыз басылмаларынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышкан. Ошондой эле алар «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алынышын талап кылышкан.

Акциянын уюштуруучусу Илимбек Исраилов «чет элдик агент» жөнүндө мыйзам кабыл алынбаса, «Азаттыктын» имаратын «таш менен талкалап, бензин чачып, өрттөп кетем» деп коркуткан.

«“Азаттык”,“Клооп”, биздин кийинки кадамыбыз, ачык айталы: биз кийинкиде айтпай туруп абдан катуу кадамдарга барабыз. Бензин чачабыз. “Азаттыктын” операторлору, кечирип койгула го, мен, Илимбек Исраилов, айтып жатам, эгер силерди бир митингдерде көрүп кала турган болсом, бир жериңерди сындырып эле коём», — деген Исраилов.

Исраилов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана депутат Шайлообек Атазовдун тарапташы. Ал ошондой эле Садыр Жапаров абакта отурганда аны колдогон митингдерге жана Матраимовду колдогон акцияларга да катышып келген.

«Азаттык» митингден кийин кеңсенин алдында алардын журналисттерин коркуткандарга карата чара көрүү арызы менен милицияга кайрылган.

Дагы окуңуз:

Бишкекте «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларын жабуу талабы менен митинг өттү