Токмокто шаардык кеңештин депутаты мас абалында унаа башкарып баратып эки кишини коюп кетти

Мас абалында унаа айдап жүргөн Токмок шаардык кеңешинин депутаты Сарбагышов көчөсүндө эки жүргүнчүнү коюп алды. Бирөө жандандыруу бөлүмүндө экени айтылууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 19-ноябрь түнү катталган. Жабыркагандардын бири Чүй райондук милициясынын кызматкери, экинчиси шаардын 29 жаштагы тургуну. Алар Токмок шаардык ооруканасына жаткырылды.

Милициядан «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу күнөөсүн мойнуна алганын белгилеп, текшерүү учурунда спирт ичимдигин ичкени аныкталганын кошумчалашты. Тергөө уланууда.

Kaktus media басылмасы жол кырсыгына кабылган депутат «Бирге» партиясынан шаардык кеңешке шайланып келген Зафар Абраимов экенин жазды.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын башынан бери өлкө боюнча жалпы 4 миң 972 унаа кырсыгы катталган. Тогуз айдын ичинде жол кырсыгынын кесепетинен 477 адам каза болгон — анын 79у жаш балдар.

Ал эми 2021-жылы өлкөдө 7 437 транспорт кырсыгы катталып, 2020-жылга карганада 22,9%га көп экени айтылган. Анда жол-транспорт кырсыгынан 800дөн ашык адам каза тапкан.

Ал эми акыркы төрт жылда өлкөдө 32 миңден ашык жол кырсыгы катталып, 4006 адам каза тапкан. 49 639 киши түрдүү жаракаттарды алган.

Тема боюнча:

Жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуларга жазаны күчөтүү сунушталды