Депутат Улан Примов Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланды

Улан Примов

20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланды.

Добуш берүүдө анын талапкерлигин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы көрсөттү, 70 депутат макул, бирөө каршы болду. Башка фракциялар өз талапкерлерин чыгарган жок.

Улан Примов Жогорку Кеңешке бир мандаттуу №11 Алай округунан шайланган. Буга чейин ал парламентте вице-спикер болчу, бирок 12-октябрда кызматынан «өз каалоосу» менен кеткен.

Чыңгыз Айдарбековдун отставкасы

Чыңгыз Айдарбеков

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары «Альянс» фракциясынын депутаты Чыңгыз Айдарбековду парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалык кызматынан алган.

Жалпысынан добуш берүүдө 65 эл өкүлү катталып, Айдарбековду кызматтан алуу үчүн 43 депутат макулдугун берсе, 16 депутат каршы добуш берген.

Айдарбеков «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун» жактыруу жөнүндө чечимге кол коюудан баш тарткандан кийин кызматынан алынды.

10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жабык жыйында «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун» жактырган.

Эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизги пункттарынын бири болуп Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү эсептелет. Айдарбеков тийиштүү документтерди толук көрбөгөнүн айтып, макулдашууну жактыруу чечимине кол коюудан баш тарткан.

«Эл өкүлдөрүнүн пикирлери экиге бөлүндү — алты макул, төртөө каршы добуш беришти. Мен бул маселе боюнча өзүмдүн пикиримди билдирдим. Мен кагазды өз көзүм менен көрмөйүн макул боло албай турганымды айттым. Ошондуктан каршы добуш бердим», — деген Айдарбеков.

Анын бул кадамын минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сынга алган.

«Чыңгыз Айдарбеков каалашынча “каршы” добуш бере алат, бирок ал комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү, ал үчүн көпчүлүк мүчөлөрү добуш берген. Анын акылсыз популизми менен жоопкерчиликсиз позициясы жок эле дегенде компетенциясы жоктугун айтып турат. Бирок, жашыруун жүйөөлөрү дагы бар болушу мүмкүн…», — деген ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад боюнча кол койбой койгон Айдарбековдун айланасында эмне болуп жатат?

Чыңгыз Айдарбеков парламенттин тармактык комитетинин башчысы кызматынан алынды