Токмок: Машыгуучу учак өрттөнгөндө жабыркаган авиациялык коллеждин эки курсанты ооруканада

Машыгуу учурунда жарадар болгон авиациялык коллеждин эки курсанты ооруканага жаткырылды, бирөөнүн абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев «Клоопко» билдирди.

«Бир жабырлануучу башынан жараат алып, мээси чайкалган, абалы орточо оор. Ал эми экинчи бейтаптын абалы оор болгондуктан Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жаткырылды, анын шыйрак сөөгү сынып, күйүп калган», — деди Маанаев.

Кырсык 20-октябрда Токмоктун жака белиндеги Кызыл-Аскер айылындагы айыл чарба авиациясынын аэродромунда болгон. Авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жатканда учак күлап түшүп, күйүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен кесепетинен 27 жаштагы инструктор жана 22 жаштагы курсант жабыркаган.

2021-жылдын июнь айында Коргоо министрлигине таандык Ми-8 тик учагы 4-июнда Ош облусундагы Чоң-Алай районуна көздөй бара жатканда кырсыкка кабылган. Андан 14 киши жабыркап, алар тез жардам унаасы менен Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Көп өтпөй УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кулаган тик учакты «кокустук» деп атап, эки тоонун ортосундагы шамалга туруштук беле албай кырсыкка учураганын билдирген.

Тема боюнча:

Кичи-Алайда аскердик тик учак шашылыш конууга аргасыз болду