22-октябрда Бишкек шаарындагы Горкий паркында кыргыз-өзбек чек ара маселеси жана Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча митинг өттү. 20га чукул адам кыргыз билигинин Өзбекстан менен түзгөн келишимине каршы болушту.
Митингдин катышуучусу, Өзгөн райондук Жерге жайгаштыруу комитетинин жетекчисинин мурдагы орун басары Акыл Айтбаев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзгөндүктөр менен жолукканына токтолду.
Ал тургундар жыйындагы ызы-чуудан улам Ташиевдин сөздөрүн укпай, укса деле түшүнбөй калганын белгиледи.
«Кемпир-Абад маселеси 2021-жылдын 30-мартта Камчыбек Ташиев Өзгөнгө барып айткан. “900 горизонтко чейин өзбек тарап сууну көтөрөт. Андан ары көтөрбөйт. 1000 гектардан ашык жер суу баспай ачык калат. Ошол жерди силер пайдаланасыңар” дегенде өзгөндүктөр сүйүнүп, кол чаап атышкан. Эл ошентип дуулдап аткан кезде “ачыгын айтып коёюн 900 гаризонттон ылдый, суу басып турган жерди Өзбекстанга өткөрүп бердик” деген. Бирок эл аны уккан эмес, уккандары түшүнгөн дагы эмес», — деди ал.
Айтбаев кийин тургундар өзбек тилинде Кемпир-Абад боюнча жарнама көргөн соң суу сактагычтын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып баштаганын айтты.
«Өзбек тилинде жарнама элди ойготту. Анда “биздин Кемпир-Абад деген деңизибиз бар. Ошол жерге жакында келип сиздерге шарттарды түзүп беребиз” деп өзбек тилинде айтып, биздин тоолорду, сууларды көргөзгөндө биздин айылдагылар көрүп алып анан түшүнүштү», — деди Айтбаев.
Буга чейин, 21-октябрда Өзгөн районунда 100дөн ашуун адам Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы болгон эл жөө жүрүшкө чыгышкан. Тургундар акцияны 22-октябрда дагы улантышкан. Алар бийликтен «Кемпир-Абад Кыргызстанда калсын» деп талап кылып жатышат.
Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча талаштар
Кыргыз-өзбек чек ара арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырымды түзөт. Анын ичинен 1 170и же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу аймак бар. Ал аймактардын бири — Кемпир-Абад суу сактагычы. Суу сактагыч Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун Өзбекстан менен чек арасында жайгашкан.
Эки өлкөнүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы атайын тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга калганын билдирген. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.
Ошентип, Ташиевдин айтымында, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын — 4 485 га аймагы, ошондой эле плотинасы калат. УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.
Комитеттин 10-октябрдагы отуруму Өзгөндө да, Бишкекте да нааразычылык митингдери менен коштолгон. Өзгөн районундагы нааразы эл эгер суу сактагыч Өзбекстанга өтө турган болсо «катаал чараларга барууга даярбыз» деп айткан.