Активисттерди кармоо: Фейктер «Клооптуку» деп жалган скриншотту таратып жатат

Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы чыккан активисттер менен саясатчылардын кармалышы коомчулукта чоң резонанс жаратты. 15тен ашык адам кармалып, үйлөрү тинтүүгө алынды, ал эми Бишкек ШИИБдин алдында кармалгандарды колдоо акциясы өттү.

Журналисттер кармалгандар тууралуу кабарлардын жана посттордун алдында фейктер чабуул баштаганын байкашты.

Мисалы, соцтүйүндө фейк аккаунттар «Клооптун» макаласы деп жалган скриншотторду таратып жатышат. Фейк материалдарда «Лабрис» ЛГБТИК адамдарынын коому камактагы укук коргоочу Рита Карасартованы жана саясатчы Равшан Жээнбековду коргоп чыкты делет.

Бирок «Клооп» андай макала чыгармак тургай «Лабрис» өзү да кармалган активисттерди коргоп жатканы тууралуу билдирүү жасаган эмес.

«Биз эч бир саясатчыны колдобойбуз жана азырынча [бүгүнкү кырдаал боюнча] билдирүү жасоо планыбыз жок», — деп билдиришти «Лабристен».

Буга чейин Кыргызстандын «Лабрис» ЛГБТИК уюму бир канча ирет аларды кайсы бир саясатчыга же партияга байланыштырбоону өтүнгөн. «Лабрис» саясатчылар, алардын троллдору жана фейк фермалары гомофобия аркылуу оппоненттерине таасир этүү үчүн дайыма ЛГБТИКтин образын колдонушкандыктан ушундай өтүнүч келтирүүгө аргасыз болгон. Мисалы, буга чейин фейктер сүрөттөрдөн активисттердин баштарын кыркып алып гей-парадда жүрүшөт деп коллаждарды жасап таратышкан.

Активисттердин кармалышы

23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активисттер, саясатчылар жана журналисттер кармалганы белгилүү болгон.

Кармалгандар:

  • Конституциялык соттун мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова;
  • укук коргоочу Рита Карасартова;
  • жарандык активист Али Шабдан;
  • жарандык активист Эрлан Бекчороев;
  • активист Жеңиш Молдокматов;
  • Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров;
  • саясатчы Равшан Жээнбеков;
  • жарандык активист Перизат Суранова;
  • журналист Айданбек Акматов;
  • экс-депутат Асия Сасыкбаева;
  • активист Таалай Мадеминов;
  • БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева;
  • активист Нурлан Асанбеков;
  • активист Чыңгыз Капаров;
  • активист Атай Бейшенбек;
  • активист Айбек Бузурманкулов;
  • активист Улугбек Маматаев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаев 23-ноябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Бирок кайсы иш боюнча экени белгисиз.

ИИМден «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү» беренеси боюнча кылмыш иши тергелип жатканын билдиришкен. Үйү тинтүүгө алынган активисттер жана саясатчылар бул иштин фигуранты эсептелет.

Укук коргоочулардын айтымында, тинтүү процессуалдык мыйзамдын ченемдерин бузуу менен жүргүзүлгөн. Алар тинтүүгө эч кандай негиз, ошондой эле, тергөө судьясынын уруксаты жок болгон деп эсептешет. Кармалгандардын баары убактылуу кармоочу жайга эки күнгө киргизилген. Адвокаттар алардын баш коргоо чарасы 24-октябрда чыгарыларын билдиришкен.

Ошол эле күнү Бишкекте Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берилишине каршы тынчтык митинги өткөн. Нааразылык акциянын катышуучулары Эркиндик булварына чогулуп, саат 12:00гө Өкмөт үйүнүн алдына барышкан.

Кемпир-Абад боюнча талаштар

Бийликтин билдирүүсүнө караганда Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү иши аяктап калды. Алсак, 1 378 чакырымды төзгөн чек аранын 1 170и же 85% такталган.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы айрым тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Бирок чек араны такташууда Кемпир-Абад суу сактагычы маселе жаратууда.

Бир эле учурда чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп эсептелген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер Өзбекстанга өтүп жатканын билдирген. Анткен менен Ташиев суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.

Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар Кемпир-Абаддын Өзбекстанга мүмкүн болуучу өткөрүлүшүнө каршы чыгып жатышат. Алсак, суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунда 15-октябрда элдик курултай өтүп, ага 600дөн ашуун адам катышкан.

Алар суу сактагыч мурда талаштуу аймак болбогонун, дегеле эмне үчүн ал Өзбекстанга өтүп жатканын түшүнбөй жатышканын билдиришкен. Жергиликтүү тургундар Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.

20-октябрда Өкмөт үйүнүндө Кемпир-Абад боюнча активисттер менен бийликтин жолугушуусу өткөн. Аны президенттин администрациясы уюштурган.

Жолугушуу жабык өтүп, катышуучулар тизме менен киргизилген. Журналисттерге аудио жана видео жаздырууга тыюу салынган.

Укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер президент менен жолугушууга келгендерди УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев коркутуп-үркүтүп, кемсинткенин айтып беришкен.