Бир карикатура менен: «Эки достун түшүнүгүндөгү демократия»

Сүрөтчү Нурбек Насыранбеков 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүү боюнча бийликти сындаган активисттер менен саясатчылардын кармалышы боюнча карикатура бөлүштү. Ал Кыргызстандагы «бүгүнкү күндөгү демократиянын» маанисин чагылдырган.

Карикатурада эки киши тартылган. Алардын бири – башка бирөөнүн [бийлик өкүлүнүн] бутун өөп жатса, ал эми экинчисинин колдору кишенделген.

Анда «Тандоо ар дайым бар. Э.Б.» деген сөз тиркелген. Муну Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүү боюнча бийликти сындаган активисттер менен саясатчылардын кармалышы боюнча берген комментарийинде айткан.

«Эки дос» деп президент Садыр Жапаров менен анын жакын досу Камчыбек Ташиевди аташат. Экөө «Мекенчил» партиясын түптөп, 2012-2013-жылдары Кумтөрдү улутташтырууну талап кылып бир нече митинг уюштурушкан.

Жапаров президент болуп шайлангандан кийин Ташиевди УКМКнын төрагалыгына дайындаган. Ташиев Жапаровду 2020-жылы 6-октябрда ал абактан бошотулгандан тарта коштоп жүргөн. Ал үчүн депутат Өмүрбек Текебаев Ташиевди «дос-секретарь» деп атаган.

«Бизде демократия бар»

Эдил Байсалов активисттер менен саясатчылардын кармалышы боюнча өзүнүн фейсбук баракчасынан 23-октябрда комментарий берген.

Байсалов укук коргоо органдарына шилтеме жасап, тинтүү кандайдыр бир «жаңы төңкөрүштү уюштурууга жол бербөө максатында» жүргүзүлүп жатканын айткан. Ал коомчулукту бул иш боюнча бардык фактыларды күтүп турууга чакырды.

Ошондой эле «азыр Кыргызстанда демократия орноп, эл шайлаган бийлик мыйзам чегинде чечим кабыл алууга укуктуу» экенин айтты.

Активисттерди кармоо

23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активисттер, саясатчылар жана журналисттер кармалганы белгилүү болгон.

Кармалгандар:

  • Конституциялык соттун мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова;
  • укук коргоочу Рита Карасартова;
  • жарандык активист Али Шабдан;
  • жарандык активист Эрлан Бекчороев;
  • саясатчы Жеңиш Молдокматов;
  • Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров;
  • саясатчы Равшан Жээнбеков;
  • жарандык активист Перизат Суранова;
  • журналист Айданбек Акматов;
  • экс-депутат Асия Сасыкбаева;
  • активист Таалай Мадеминов;
  • БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева;
  • активист Нурлан Асанбеков;
  • активист Чыңгыз Капаров;
  • активист Атай Бейшенбек;
  • активист Айбек Бузурманкулов;
  • активист Улугбек Маматаев.

Кармалгандардын баары убактылуу кармоочу жайга эки күнгө киргизилген. Адвокаттар алардын баш коргоо чарасы 24-октябрда чыгарыларын билдиришкен.

ИИМден «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү» беренеси боюнча кылмыш иши тергелип жатканын билдиришкен. Үйү тинтүүгө алынган активисттер жана саясатчылар бул иштин фигуранты болуп эсептелет.

Укук коргоочулардын айтымында, тинтүү процессуалдык мыйзамдын ченемдерин бузуу менен жүргүзүлгөн. Алар тинтүүгө эч кандай негиз, ошондой эле, тергөө судьясынын уруксаты жок болгон деп эсептешет.

23-октябрда Бишкекте Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берилишине каршы тынчтык митинги өткөн. Нааразылык акциянын катышуучулары Эркиндик булварына чогулуп, саат 12:00гө Өкмөт үйүнүн алдына барышкан.

Ошол эле 23-октябрь күнү Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаев 23-ноябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Бирок кайсы иш боюнча экени белгисиз.