Активист Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыкты

Ырыс Жекшеналиев

19 жаштагы активист Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу Кантемир Турдалиев «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди 26-октябрда Бишкек шаардык соту кабыл алган.

Активисттин кармалышы

19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

16-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен блогер ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

Камакта отурганда активисттин ден соолугу кескин солгундап кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА:

Кыйноолорго каршы улуттук борбор: Ырыс Жекшеналиевдин ден соолугу солгундап кетти

Жүрөгү ооруп жатат. Блогер Ырыс Жекшеналиев ТИЗОдон ооруканага жеткирилди

«Бул уят». Депутаттар блогер Жекшеналиевди камактан бошотууга чакырышты