Евробиримдиктин өкүлү активист, саясатчылардын кармалышы боюнча тынчсыздануусун билдирди

Имон Гилмор

Евробиримдиктин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор Кыргызстандагы активисттер менен саясатчылардын кармалышына карата тынсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ал 28-октябрда твиттер барагына жазды.

«Акыркы камоолор, анын ичинде активисттер, блогерлер жана оор абалда жаткандар мени абдан тынчсыздандырып жатат», — деди Гилмор.

Евробиримдиктин өкүлү «Азаттык» үналгысынын эки айга бөгөттөлүшүнө да тынчсызданып жатканын белгиледи. Ал кыргыз бийлиги «фундаменталдык эркиндикке байланыштуу эл аралык милдеттенмелерин аткарышы керек» деп эскертти.

Активисттердин кармалышы жана сөз эркиндигине басым

ИИМ 23-октябрдын таңында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыккан 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кеткен.

Аларга карата «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен айып тагылды. Жапырт кармалгандардын дээрлик баары эки айга камакка алынды. Жарандык коом бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда.

Кийинчерээк, 26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттык» басылмасынын сайтын эки айга бөгөттөө чечимин кабыл алган. Буга басылманын 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалга байланыштуу «анык эмес маалымат таратканы» себеп болду деп белгилешкен.

Министрлик буйрукту «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын негизинде чыгарган. Бул мыйзам жөнүндө 2021-жылдын августунда кабыл алынгандан бери олуттуу сын-пикирлер айтылып келет.

«Азаттыктын» сайтын бөгөттөө чечимине Human Rights Watch уюму, АКШнын Мамдепартаментинин маалымат катчысы жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү тынчыздануусун билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ооз жапмай. ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам цензурага алып барат

HRW: «Азаттыкты» бөгөттөө — көзкарандысыз журналистиканы көзөмөлдөөнүн ачыктан-ачык аракети

АКШнын Мамдепартаменти «Азаттыктын» бөгөттөлүшүнөн улам «тынчсызданганын» билдирди