Маркум журналист Галымбетованын эжеси: Сиңдимдин өлүмүндө күмөндүү жагдайлар бар

Маркум журналист Арзыгүл Галымбетова

Маркум журналист Арзыгүл Галымбетованын бир тууган эжеси Тажигүл Галымбетова сиңдисинин өлүмүндө күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып, анын иши боюнча кармалган блогер Батмакан Жолболдуевага доосу жок экенин белгиледи. Бул тууралуу ал Super.kg порталына берген маегинде билдирди.

Тажигүл Галымбетова сиңдиси каза болгондон мурда эмне себептен ооруканага кайрылганы белгисиз экенин айтты. Ошондой эле соттук отурумдардын жүрүшүндө дарыгерлердин сөздөрү бири-бирине «дал келбей», окуяны «ар кимиси ар башка айтканын» белгиледи.

«Медайым оорукананын коридорунда Арзыгүлдүн оозунан ак көбүк чыгып жатканын көргөнүн айтат. Укук коргоочулар болсо реаниматолог аны жандандыруу бөлүмүнө алып келгенде эле клиникалык өлүм абалында болгонун билдириптир. Терапия бөлүмүнүн дарыгерлери тескерисинче, ал учурда бейтаптын тирүү болгонун айтышыптыр», — дейт ал.

Мындан сырткары ал сиңдисинин неврология бөлүмүнө жаткырылганына карабастан дарыгерлер анын астма оорусунан каза болгонун айтып жатышканын билдирди. Анын айтымында, сиңдиси астма оорусу менен жабыркаган эмес.

«Экспертизанын жыйынтыгы катуу нервтенүүдөн улам майда кан-тамырлары жарылып кеткен деген жыйынтык чыгарды. Дарыгерлер болсо сиңдимди астма оорусунан каза болду деп жатышат. Анда эмнеге неврология бөлүмүнө жаткырышты, мен ошого таң калам. Астма оорусуна каршы дары-дармек деле беришпептир. Мен анын бир тууганы катары айтып коёюн, Арзыгүл эч кандай астма оорусу менен ооруган эмес. Турмуштан ажырашкан мезгилде катуу кыжалат болуп жүргөндө тамагы ооручу. Бирок ооруканага барып, акыркы 8-9 жылдан бери тамагынын оорусу да калган. Арзыгүл өзүн өтө жакшы карап, өзүн баалаган адам болчу. Дайыма витаминдерди ичип, ден соолугуна жакшы кам көрчү», — деди ал.

Ошондой эле ал бүгүнкү күнгө чейин журналисттин жеке ноутбугун таба албай жатышканын айтты. Анын сөзүндө, иликтөөдө анын эки чөнтөк телефону тең алынып, 2 ай өткөндөн кийин «ача алган жокпуз» деп кайтарып беришкен. Бирок телефондордогу маалыматтар, сакталган контакттар «толугу менен өчүрүлгөн».

Мындан сырткары ал сиңдисинин өлүмүнө шектелип кармалган Батмакан Жолболдуевага карата эч кандай доосу жок экенин айтат.

«Сиңдимдин өлүмүнө шектелген Батмакан Жолболдуевага башында эле эч кандай дообуз жок экенин айтканбыз. Анткени Арзыгүл өзү да "Батмакандын сөздөрүнө көңүл деле бурган жокмун, бирок милицияга анын үстүнөн арыз жаз деп жатышат" деп айтып калды. Анан кайра эмне үчүн милицияга барып арыз жазды билбейм. Бирок мен айтат элем, Арзыгүл Батмакандын "түнкү көпөлөк" деген сөзү үчүн эле, өлүп калбайт болчу. Анткени ал ага чейин дагы буга окшогон сөздөрдүн далайын уккан. Элдин сөзүнө маани да берчү эмес, эл сүйлөй берет да деп өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн жасай берчү», — деди ал.

Мындан улам маркумдун эжеси УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, аны жеке кабыл алуусун суранды.

Галымбетованын өлүмү, Жолболдуеванын кармалышы

«АКИпресс» басылмасынын Баткен облусундагы өкүлү Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү каза болгон.

Анын кесиптештери журналист акыркы убактарда «каралоолорго кабылганын» жазышкан. Мындан сырткары Галымбетова өзү да фейсбугунда каралоорго кабылып жатканын айткан.

Анын өлүмүнөн кийин Баткен ОИИБи «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 28-мартта блогер Батмакан Жолболдуеваны кармаган.

Ага Галымбетованын 25-мартта Жолболдуеванын үстүнөн «менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деп милицияга арыз жазганы себеп болгон.

Андан кийин Жолболдуевага «Бейбаштык», «Документтерди жасалмалоо», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренелери менен да кылмыш иштери козголгону белгилүү болгон. Блогердин адвокаты Назгүл Сүйүнбаева козголгон иштер негизсиз экенин айтып, аны блогердин ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

Блогер 18-августта Баткен райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты

Блогер Батмакан Жолболдуевага козголгон төрт кылмыш ишинин чоо-жайы

«Күнөөм жок». Батмакан Жолболдуева 26-майга чейин камакта калтырылды

Ош облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеваны камакта калтырды