Бир катар өлкөнүн элчиликтери кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырды

2-ноябрда Улуу Британия, АКШ, Германия, Франция элчиликтери жана Евробиримдиктин өкүлчүлүгү Журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнүнө карата билдирүү жасашты.

Анда «көз карандысыз жана ар тараптуу ЖМК гана жарандарга өз өкмөтүн тескөөгө жардам бере алат» деп белгиленет.

«Эркин ЖМК — коомдун иштеши, ачык-айкындуулукту камсыздоо жана демократиялык өнүгүү үчүн зарыл нерсе. Андыктан, дүйнөдөгү бардык өкмөттүн журналисттер мыйзамсыз кысымга дуушар болбой, өз ишин эркин аткаруусу үчүн коопсуз жана ыңгайлуу чөйрө түзүп берип, аны жайылтуусу абдан маанилүү», — деп айтылат маалыматта.

Билдирүү жасаган өлкөлөр басма сөз эркиндиги жана өз оюн эркин билдирүү укугу мыйзам тарабынан корголгонун белгилеп, кыргыз бийлигин адамдын дал ушул фундаменталдуу укугун коргоого жана өнүктүрүүгө чакырды.

«Көз карандысыз журналистика Кыргызстандын өнүгүүгө жана демократия менен экономиканын бекемделишине болгон умтулуусун колдойт», — деп белгилешти аталган элчиликтер.

ЖМКга болгон басым

Соңку убакта Кыргызстанда ЖМКга болгон басым күчөдү. 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн.

Министрликтен буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгонун айтышкан.

Ошол эле учурда «Азаттыктан» айыптоону четке кагышып, «эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт» деп билдиришкен. Көп өтпөй, 31-октябрда «Азаттык» басылмасынын «Демирбанктагы» эсеби бөгөттөлгөн.

ЖМКга басым күчөгөнүнө байланыштуу Кыргызстандын журналисттери 28-октябрда тилектештик акциясын өткөрүшкөн. Ага ылайык, саат 9:00дөн 12:00гө чейин ММКлар материалдарды чыгарган эмес. Мындан сырткары бир күн бою маморгандардын пресс-релиздерин жарыялоодон баш тартышкан.

Ошондой эле Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКлардын редакторлору жана негиздөөчүлөрү акыркы убакта сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилеп, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Алар өлкө башчысына анын басма сөз кызматысыз жолугушуу өткөрүүнү сунуштап, бир катар талаптарды коюшкан.

Тема боюнча:

HRW: «Азаттыкты» бөгөттөө — көзкарандысыз журналистиканы көзөмөлдөөнүн ачыктан-ачык аракети

Сөз эркиндигине басым күчөдү. Кыргызстандагы ЖМКлардын өкүлдөрү президентке кайрылышты