Бир сүрөт менен: УКМКнын төрагасы «Аксунгур» учкучсуз учагынын моделин кармап түшкөн сүрөтүн жарыялады

2-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев фейсбук барагына «Аксунгур» учкучсуз учагынын моделин кармап түшкөн сүрөт жүктөдү.

Ошондой эле, Ташиев сүрөтүнө «эми ”Аксунгур” биздики!» — деп жазды.

Кыргызстан бул учактарды сатып алганбы же жокпу белгисиз. Ал эми УКМКнын басма сөз кызматынан бул боюнча расмий маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

«Аксунгур» учкучсуз учактары Түркияда өндүрүлүп, 2019-жылы пайдаланыла баштаган.

Маалыматка ылайык, «Аксунгур» орто аралыкка пилотсуз учуучу учагы табигый кырсыктардан тез маалыматтарды өткөрүп, чалгындоо жана байкоо иштерин жүргүзө алат.

Атайын кызматтын башчысы үстүбүздөгү жылдын октябрь айында фейсбук барагына «Байрактар Акынжы» (Bayraktar Akıncı) учкучсуз учактарынын жанында түшкөн сүрөттөрүн жүктөп: «”Акынжы” биздики! Боордош элибизге ыраазычылык!» — деп жазган.

Ташиев жүктөгөн сүрөттөрдүн биринде ал учкучсуз учактарды чыгарган түркиялык Baykar компаниясынын башкы директору Халук Байрактар менен турган.

Бирок УКМК дагы, президенттин администрациясынан дагы, башка мамлекеттик мекемелер да бул боюнча расмий билдирүү тараткан эмес.

Кыргызстандагы «Байрактар»

Кыргызстанда Baykar компаниясы чыгарган учактар буга чейин да бар болчу — «Байрактар TB2». Алар Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө 2021-жылы кошулган.

Президенттин басма сөз кызматынан алар республикалык бюджеттеги каражатка сатып алынганын билдиришкен, бирок канча «Байрактар» сатылып алынганын жана ага канча каражат коротулганы ачыкталган эмес.

Кийинчерээк батыштык маалымат булактарында Кыргызстан Түркиядан үч даана учкучсуз учак алганы тууралуу маалыматтар пайда болгон.

Тажикстан сентябрдын ортосунда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы ири масштабдуу куралдуу кагылышта Кыргызстан учкучсуз учактарды колдонду деген. Ал эми кыргыз тарап бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да эмес.