Видео: Дүйнөдөгү эң бийик Бурж-Халифа имаратында желбиреген кыргыз желеги

1-ноябрь күнү кечинде Дубай шаарындагы дүйнөдөгү эң бийик имарат, Бурж-Халифанын бетине желбиреп жаткан Кыргызстандын желеги чагылдырылды.

Видеону президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев фейсбук барагында бөлүштү. Тасма соцтүйүндөгү башка да тармактарга тарап, кыргызстандыктардын көпчүлүгү аны жылуу кабыл алды.

«Президент Жапаровдун сапарынын урматына Дубай шаарындагы эң бийик Бурж-Халифа имараты Кыргыз Республикасынын туусунун түсүнө боёлду», — деп жазды Султанбаев.

Бурж-Халифа — дүйнөдөгү эң бийик имарат. Асман тиреген имараттын бийиктиги 828 метрди түзүп, жалпы 163 кабаттан турат. Анын ачылыш аземи 2010-жылдын 4-январында болгон.

Өлкө башчысынын Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) борбору Абу-Даби шаарына иш сапары менен барганы 30-октябрда белгилүү болгон. Анда президенттер эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты, соода-экономикалык, билим берүү жана инвестициялык кызыкчылыктар тууралуу талкуулашкан.

Иш сапарда президент Кыргызстандын расмий делегациясын ташыган ТУ-154 учагын колдонгон.

Ага чейин Жапаров БУУнун дүйнө лидерлеринин Саммитине жана Казакстанга иш сапары менен жеке учак колдонуп барып келген. БУУга барганда учактын ижарасы ошол учурда 12 миң еврону түзгөн.

Анда Президенттик администрациядан мындай чечим британ бийлигинин Кыргызстандын №1 бортун кабыл алуудан баш тарткандан кийин кабыл алынган деп билдирген.

2022-жылдын сентябрында Жапаров АКШга Bombardier Global Express XRS жеке бизнес-джет менен учуп барган. Болжолдуу эсеп боюнча делегациянын барып келиши дээрлик 200 миң еврону түзгөн.

Анда Султанбаев Кыргызстан чет өлкөлүк сапарларга деп жаңы учак сатып аларын белгилеген.

Тема боюнча:

Садыр Жапаров Араб Эмираттарына кетти — бул ирет жеке учак жалдаган жок