Кыргызстанда төрөлгөн Дмитрий Бивол бокс боюнча дүйнө чемпиону наамын коргоп калды

Кыргызстанда туулуп өскөн орусиялык мушкер Дмитрий Бивол мексикалык спортчу Хильберто Рамирести жеңип, бокс боюнча жарым оор салмакта дүйнө чемпиону наамын коргоп калды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы (WBA) билдирди.

Маалыматка ылайык, беттеш 6-ноябрга караган түнү Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Абу-Даби шаарында өттү. Анда 12 раундга созулган беттештин жыйынтыгында калыстар тобу жеңишти Дмитрий Биволго ыйгарды.

Турнирдин соңунда мушкер Кыргызстан жана Орусиянын желегинин алдына туруп, күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. Бивол башкы максаты дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болуу экенин белгиледи.

«Мен дүйнөнүн мыкты боксчусун жеңе аларымды көрсөттүм. Бул мага чоң бакыт тартуулады. Дагы бир жеңилбес баатырды утуп алдым. Эми мен абсолюттук чемпион болгум келет», — деди ал.

Дмитрий Бивол 1990-жылдын 18-декабрында Токмок шаарында төрөлгөн. Спортчу 6 жашынан тартып бокс менен машыга баштаган. 2002-жылы үй бүлөсү менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кеткен.

Бивол 2007-жылы эл аралык класстагы спорт чебери болгон. Ал бокс боюнча WBA, WBC, IBF жана WBO рейтингдеринде эң жогорку орундарга көрсөтүлгөн. Спортчу профессиналдык боксто 20 жеңишти камсыздаган (анын 11и нокаут менен аяктаган). Ал бир да күрөштө жеңилген эмес.

Тема боюнча:

Бир кадр менен: Садыр Жапаров бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол менен жолукту

Саул «Камело» Альварес Дмитрий Бивол менен дагы бир жолу таймашуу ниетин билдирди

Мушкер Дмитрий Бивол Кыргызстанды мекеним деп атады