ИИМ аялдар менен кыздар үчүн SOS баскычын ишке берүүгө камынып жатат

ИИМ өлкөдө пилоттук тартипте кыздар жана аялдар үчүн SOS баскычын ишке киргүзүүгө камынып жатат. Бул тууралуу 10-ноябрда ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

SOS баскычы эгер кыздар менен аялдардын укуктарына каршы аракеттер болуп жатса айгай салуу жана тез арада милицияны чакыртуу үчүн иштелип чыккан. ИИМ долбоорду ишке киргизүү үчүн ЕККУ менен биргеликте иштеп жатканын кошумчалады.

«Биз бир нече жыл мурда KADES мобилдик тиркемесин ишке киргизген түрк полициясынын тажрыйбасын колдонолу деп жатабыз. Кызматташтыктын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын долбоорду ишке ашыруу боюнча иши улантылат», – деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Айгай салуучу баскычы бар мобилдик колдонмо адамдын телефонуна орнотулат, окуя кай жерде болуп жатканын так аныктап, милиция жетип келиши үчүн геолокация функциясын иштетип коюу керек.

Аялдарга карата зордук-зомбулук

Аялдарга жана кыздарга крата зомбулук күчөп кеткенин жарандык активисттер менен аялдар уюмдарынын өкүлдөрү 2022-жылдын июль айында эле айтып чыгышкан. Анда алар президент Садыр Жапаровго кайрылып, чара көрүүнү талап кылышкан.

Кайрылууда укук коргоочулар президенттен укук коргоо органдарында жана сот системасында аялдардын конституциялык укуктары утур-утур бузулуп келе жатканына көңүл бурууну суранышкан. Алар кечиктирилгис мыйзамдык чараларды кабыл алууну жана президенттин кеңешчилеринин курамына гендердик маселелер боюнча кеңешчининин институтутун киргизүүнү дагы суранышкан.

Активисттер Жапаровду аялдарга жана кыздарга карата зомбулук менен күрөштү артыкчылыктуу маселе катары жарыялоого үндөп, зөөкүрлөр жазадан кутулуп кете албашын камсыздоону талап кылышкан.

«Аялдарга карата зомбулук, үй-бүлөдөгү зомбулук кооптуу социалдык илдет, ошондуктан чукул, кечиктирилгис чараларды көрүү керек. Бүгүн ага көз жумуп койсок, зомбулук турмуштун бардык тармагына жайылып, коомдун деградациясына алып келет», — деп билдиришкен активисттер.

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Amnesty International эл аралык укк коргоочу уюму 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.