«Азаттыкка» каршы митинг: Экспертиза жыйынтыгы даяр эмес. Адистер DVD дисктеги видеону ача албай койду

«Азаттык Медианын» алдында митингге чыккандардын коркутууларынын линвистикалык экспертизасы даяр боло элек. Басылмага «Азаттык» укук коргоо органдарына берген DVD дисктеги видеону эксперттер ача албай коюш канын билдиришкен.

«Азаттык Медианын» маалыматына ылайык, дайындалган лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгын чыгаруунун эки апталык мөөнөтү аяктаган. Бирок редакцияга диск ачылбай койгону тууралуу расмий маалымат жана видеоматериалдарды кайра берүү тууралуу өтүнүч да келтирилген эмес.

«"Дискти кайра жаңыртып бере аласыңарбы? Силерге кайрылыш үчүн мага дагы экспертизадан "диск ачылбай койгону үчүн экспертиза жүргүзүү мүмкүн болгон жок" деген кагаз келиши керек. Ошонун негизинде мен силерге жооп беришим керек эле. Диск алып келип берсеңер экспертиза өткөрөбүз дешкен, ал эми силер расмий жооп бергиле деп жатпайсыңарбы" деп жооп берген "Азаттыктын" кабарчысына Ленин райондук милициясынын тергөөчүсү», — деп жазат редакция.

Экспертиза үчүн милицияга берилген дисктеги видеолор интернет булактарында, социалдык түйүндөрдө ачык жарыяланганы да белгиленет.

Ал арада Юстиция министрлигинин Соттук-экспертизалык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жийдегүл Семенова «Азаттыкка» милиция лингвистикалык экспертиза өткөрүү тууралуу өтүнүч менен телефондон оозеки гана кайрылганын билдирген.

«Телефондон эле кайрылышты. Келгиле, методиканы көргөзүп, факты менен айтып берейин дегем. Эгер арыз жазсаңар, бул карала турган иш. Карала турган ишти алдын ала ачыктай албайбыз», — деди Семенова.

Юристтердин айтымында, материал экспертизага жөнөтүлгөн учурда токтомдун көчүрмөсү арыз жазган тарапка жөнөтүлүшү керек. Бирок «Азаттык» андай токтомду алган эмес.

«Клооп» бул боюнча Бишкек ШИИБне комментарий сурап кайрылды. Материалды чыгаруу алдында ал жактан жооп алууга мүмкүн болгон жок.

«Азаттыктын» алдындагы митинг

«Азаттыктын» кеңсесинин алдындагы митинг 13-октябрда өткөн. Акцияга 30дай адам чыгып, көз карандысыз үч басылма, «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.media’ны жабууну талап кылышкан. Ошондой эле алар «чет элдик тыңчылар» деп аталган мыйзамды кабыл алууну талап кылышкан.Митингде Илимбек Исраилов модератор болгон. Ал өзүн жарандык активист жана саясий блогер деп атап жүрөт.Ал эгер «чет элдик агент» жөнүндө мыйзам кабыл алынбаса, «Азаттыктын» имаратын «таш менен талкалап, бензин чачып, өрттөп кетем» деп эскерткен.

«Сатылма, булар жакшылык кылбайт. [...] Kaktus Media — Орусиянын жетим жүгүрүгү, “Клооп” менен “Азаттык” — Американын жетим жүгүрүгү. Булар Кыргызстанда таптакыр чагылдырбасын. Бейөкмөт уюмдар өз уставынан чыгып, биздин саясатка кийлигишип кетип жатат», — деген Исраилов.

Илимбек Исраилов — өзүн блогер атап, өлкөдөгү бейөкмөт уюмдарга каршы митингтерге катышып жүрөт. Ошто коррупционер Райымбек Матраимовду колдоо митингине да катышып, «Азаттык» менен «Клооптун» журналисттерине карата чагымчылдык кылган.

«Азаттык Медиа» митингден кийин кеңсенин алдында журналисттерге коркутуу сөздөрүн айткан Исраиловго карата чара көрүүнү талап кылып, милицияга арыз жазган.

18-октбярда лингвистикалык экспертиза дайындалганы белгилүү болгон.