Кыргызстан төрт маанилүү суу ресурсун карматуу менен достук мамиледе калам дегидей Өзбекстандан анчалык деле көз каранды эмес. Бул тууралуу КР президентинин Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти, өлкөнүн өкмөттүк аппаратынын координациялоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Эркин Сакиев билдирди. Суу ресурстары — бул Кыргызстандын коңшулар менен соодалашуудагы көзүрү деп эске салды ал. Сакиев Ташкент менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө президент жана УКМКнын башчысы өлкөнүн кызыкчылыгын сактабай эле өздөрүнүкүн сактаган деп эсептейт. Ал макулдашуунун ратификациялагандын ордуна өлкө парламентине таркап кетүүнү сунуштайт.
«Болгонун болгондой айтайын: Өзбекстан менен сунушталып жаткан макулдашууга нес болуп турам. Көрсө, [Өзбекстанга] берилип жаткан Кемпир-Абад — [коңшу өлкөгө өткөрүп берилип жаткан] төрт суу ресурсунун бирөөсү эле экен да. Мындай белек кылгыдай биз эмне согуштан утулуп калдык беле?» — деп жазды Сакиев 16-ноябрь күнү кечинде, эртең, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик чек ара жөнүндө келишим ратификацияланат деген жыйындын алдында.
Ал республикалар кызматташуусу керек, бирок «Кыргызстан төрт маанилүү суу ресурсун карматуу менен достук мамиледе калам дегидей Өзбекстандан анчалык деле көз каранды эмес» деп эсептейт.
«Анын үстүнө, тескерисинче, алар, [Өзбекстан] суу ресурстарын башкаруу маселесинде бизден абдан эле көз каранды (төрт суу объектиси боюнча эле эмес), [жакшыраак] шарттарды соодалашып мына ушул нерседен колдонуу керек эле да. Эми бул жерде Жапаров менен Ташиевдики тетири болуп калды! Эми кантип ушундай болсун, кечиргиле сөзүмө, көзүрдүн баарын алдырып коюу болмок беле?» — деп нааразы болду Эркин Сакиев.
Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди ратификациялоо Жогорку Кеңеште бүгүн 17-ноябрда башталышы мүмкүн. Ага ылайык, коңшу өлкө эки ири суу сактагычын, дайранын жана булактын бир бөлүгүнө көзөмөл алат, алардын ордуна Кыргызстан тоолордон жер тилкелерин алат. Буга байланыштуу бүгүн парламентке президент Садыр Жапаров келди.
Макулдашууларды даярдоо бир нече жыл жашыруун шартта жүргүзүлгөн. Кыргызстан эмнесинен айрылып, эмнеге ээ болуп жатканы жарандарга жарым-жартылай, толугу менен эмес белгилүү болуп турган. 14-ноябрда ЖМК чек ара боюнча макулдашууну Өзбекстандын парламентинин мыйзам чыгаруу палатасы жактырганын билдиришкен. Ал эми 15-ноябрда документтерди кыргыз парламентинин Эл аралык иштер боюнча комитети жактырган.
Бул Кемпир-Абаддын берилишине макулдук бербеген Эл аралык иштер боюнча комиттин башчысы Чыңгыз Айдарбековду кызматтан алуу, митингдер жана Кыргызстандын шаарлырында суу сактагычты коргоп чыккандарды жапырт кармоо, көз карандысыз ЖМКга басым көрсөтүү шартында болгон.
Ал арада кыргызстандыктарга келишимдин башка дагы кеңири чоо-жайы белгилүү болуп жатат.
Өзбекстан менен макулдашуунун дагы эмнелери белгилүү болду?
Чек араны делимитациялоо боюнча макулдашуунун алкагында Өзбекстан бир гана Кемпир-Абад суу сактагычын эле эмес, Кыргызстандын дагы үч суу объектисин ала турганын билдирди парламенттин Эл аралык иштер боюшча комитетинин жыйынында аталган комитеттин мурдагы төрагасы, депутат Чыңгыз Айдарбеков. Ал чек ара боюнча макулдашууга ылайык, Өзбекстан Орто-Токой суу сактагычын да аларын эске салды. Эл өкүлү коңшу өлкө Гасавай дарыясы менен Чечме булагына да көзөмөл аларын кошумчалаган.
«Кечээ күнү өзбек тараптын премьер-министри өлкө “стратегиялык максаттарга жетет” деп айтты, — деп эске салды депутат. — Азыр ушул делимитация боюнча келишимди карап көрсөм, ушул жерде төрт суу жерлери боюнча сөз болуп жатат. Биринчи, Орто-Токой суу сактагычы боюнча. Экинчиси, Кемпир-Абад боюнча. Үчүнчүсү, Кыргызстан Гавасай дарыясынын табигый агымына тоскоол боло турган кандайдыр бир гидротехникалык жана башка курулмаларды курбоого, ошондой эле, Гавасай дарыясында сууну техникалык булганышына жол бербөөгө милдеттендирилет. Эмнеге биз ушундай милдеттендирмелерди алып жатабыз өз мойнубузга? Андан кийин, 8-беренеде, бул участок жөнгө салынганга чейин келишим түзүүчү жогорку тараптар Чечме булагын биргелешип пайдалануу боюнча өзүнчө өкмөттөр аралык макулдашууну түзүү тууралуу макулдашты. Бул жакта тамгалар өтө кичинекей, ошондуктан, окууга өтө кыйын. Атайын ушундай жасап атат менимче», — деген Айдарбеков.
Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкери жайгашкан. 2017-жылдагы макулдашуу боюнча, суу сактагычты көзөмөлдөө жана күзөтүү Кыргызстанга өткөн, бирок андагы суунун 90%ын объекттин ишин камсыздоо чыгымдарын өзү көтөрүп Өзбекстан пайдаланып жатат. 2021-жылы УКМКнын аталган суу сактагычты толугу менен Өзбекстанга өткөрүү пландалганын тастыктаган. Анын айтымында, Кыргызстан суу сактагычтын суусунун болгонун 5%ын пайдалануу укугуна ээ болот.
Чечме булагы Баткен облусунун Кадамжай районундагы ушундай эле аталыштагы кыргыз айылы менен өзбек тараптын Сох анклавынын жанында жайгашкан. Анын суусунун 80%ын Өзбекстан, ал эми 20%ын — Кыргызстан пайдаланат. 2020-жылы жайында булак кайсыл тарапка караштуу деген талаш-тартыштын натыйасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып, ондогон киши жабыркаган. Чечме айылынын тургундары Өзбекстан менен келишим аларды суусуз калтырат деп чочулашат. 16-ноябрда айылда нааразылык акциясы өткөн.
Кемпир-Абад боюнча да буга чейин айтылбаган жагдайлар бар. «Бизге маалымат берилген [Кемпир-Абад суу сактагычын] 50/50 кылып башкарабыз, бул чоң жетишкендик деп, — деп белгилеген Айдарбеков. — Андан кийин, 2-беренеде, өзбек тарап биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн өкүлдөрүн суу сактагычтын гидротехникалык курулмаларын инсандыгын тастыктаган документин, паспортун көрсөтүү жана текшерүүдөн өткөрүү менен ыкчам кирүүсүн камсыздайт. Бул эмне деген кемсинтүүчү шарттар? Эмнеге өзбек тарап бизге чектөөлөрдү коюп атат?»
2021-жылдын мартында Кыргызстандын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргызстандыктар Кемпир-Абад суу сактагычына өзбек аскерлеринин тоскоолдугусуз, эркин кирип, мисалы балык кармай алышат деп убадалаган. Бирок Өзгөн районунун Жерге жайгаштыруу боюнча комитетинин башчысынын мурдагы орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаев Өзбекстанда кандай болгон күндө да тосмо, пост жана вышка курууга мүмкүнчүлүгү болот деп эскерткен болчу.
Парламент депутаты Дастан Бекешев Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан менен биргелешип башкаруу жөнүндө келишимде талаштуу маселелерди чечүүнүн механизмдери жок экенин айткан. Эл өкүлүнүн айтымында, эгер келечекте тараптар бир пикирге келе албай калса, суу сактагычты пайдалануу боюнча тигил же бул маселелер кандай чечилери түшүнүксүз.
Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жерлерде жашаган тургундар эмнеден кол жууп калышы мүмкүн жана жерлерде эмнелер бар экени тууралуу «Клооптун» октябрда даярдаган репортажынан окуңуз.