Шаардык сот «Кемпир-Абадды коргоо комитетинин» мүчөсү Мамбетжунус Абыловду камакта калтырды

17-ноябрда Бишкек шаардык соту «Кемпир-Абадды коргоо комитетинин» мүчөсү Мамбетжунус Абыловдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Ал 20-декабрга чейин камакта болот. Ага «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» айыбы тагылып жатат.

26-октябрда Абыловдун үйүндө тинтүү жүрүп, өзү кармалган. Анда саясатчыга кайсыл берене менен иш козголгону айтылган эмес.

Мамбетжунус Абылов Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси. Ал 25-октябрда маалымат жыйынын өткөрүп, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жыйынында «бийликти басып алуу же төңкөрүш тууралуу бир да сөз айтылбаганын» билдирген.

«Жолугушууда Өзгөндөгү курултайда кабыл алынган чечимдерди талкуулаганбыз. Курултайдын резолюциясына ылайык, мен суу сактагычты коргоо боюнча комитет түзүүнү сунуштагам. [Азимбек] Бекназаров жалпы курултай өткөрүүнү сунуштаган. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотуү жана мараторий киргизүү жөнүндө президентке кат жолдоо тууралуу дагы сунуш айтылган», — деген Абылов.

ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектеп кармаган активист жана саясатчылардын саны дээрлик 30га жакындады. Сот аларды эки айга камакка алган. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Кармалгандар Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берип жатканы үчүн сындашкан.

Тема боюнча:

«Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети» депутаттарга кат жолдоду

Шаардык сот экс-депутат Орозайым Нарматованы 20-декабрга чейин камакта калтырды