Кемпир-Абад чуусу: Саясатчы Мамбетжунус Абыловго иш козголуп, үйү тинтүүгө алынды

26-октябрда укук коргоо органдарынын кызматкерлери Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү Мамбетжунус Абыловдун үйүн тинтүүгө алды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, Абыловго иш козголуп, үйү тинтүүгө алынганын укук коргоочуга анын жубайы кабарлаган.

«Тергөө тобунун тергөөчүсү — милициянын майору, Жапеков. Эки күбө жана ыкчам топтун кызматкерлери болуп үйдү тинтүүгө алышты. Видеого тартууга уруксат беришкен жок, иш козголгону тууралуу өкүмдүн көчүрмөсүн беришкен жок, тинтүүгө алынганы тууралуу протоколду калтырышты, эки дискти алып кетишти», — деп билдирген Абыловдун жубайы.

Бирок саясатчыга кайсыл берене менен иш козголгону азырынча белгисиз. Ички иштер министрлигинен бул боюнча кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты. Ал эми буга чейинки кармалган активист жана саясатчыларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси боюнча иш козголгон.

Мамбетжунус Абылов Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси. 25-октябрда ал маалымат жыйынын өткөрүп, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жыйынында «бийликти басып алуу же төңкөрүш тууралуу бир да сөз айтылбаганын» билдирген.

«Жолугушууда Өзгөндөгү курултайда кабыл алынган чечимдерди талкуулаганбыз. Курултайдын резолюциясына ылайык, мен суу сактагычты коргоо боюнча комитет түзүүнү сунуштагам. [Азимбек] Бекназаров жалпы курултай өткөрүүнү сунуштаган. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотуү жана мараторий киргизүү жөнүндө президентке кат жолдоо тууралуу дагы сунуш айтылган», — деген Абылов.

Активист жана саясатчылардын кармалышы

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кеткен.

Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Активист жана саясатчыларга «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен айып тагылды.

24-октябрда аларды бошотууну жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылып Ош жана Бишкек шаарларында жарандык активисттер тынчтык акцияларына чыгышты. Ошол эле учурда Өзгөн шаарында 300гө жакын киши митинг уюштуруп, алардын кармалганын колдоп, «бийликке ишеним артууга» чакырышты.

Ал эми жапырт кармалгандардын дээрлик баары эки айга камакка алынды. Жарандык коом бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда.

Тема боюнча:

Жогорку Кеңеште жапырт кармалгандардын маселеси көтөрүлдү

Кемпир-Абад чуусу: Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алды