Төкмө акын Аалы Туткучев жапырт камоолор боюнча президентке кайрылды

Төкмө акын Аалы Туткучев

Төкмө акын Аалы Туткучев Кемпир-Абад маселеси боюнча активисттерди жана саясатчыларды камоону токтотууну талап кылып, бийликке кайрылуу жасап ырдады.

Ал эл башчыларына жана укук коргоо органдарына кайрылып, Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу пикирин билдиргендерге карата бийликтин кысымын токтотууга чакырды.

«Кары-жаш дебей камоону, кайдан ойлоп таптыңар?

Баракчасына жазды деп балдарды торго жаптыңар,

Кымындайды чоң көрүп, кыздарды торго жаптыңар.

Ар кимдин постун аңдууга анча эмнеге машсыңар?

Кемпир-Абад деди деп, кемпирге чуңкур каздыңар,

“Аң казсаң, тайыз каз” деген кыргыздын сөзү так чыгар,

Токтоткула болду эми, жар болуп кетет астыңар. [...]

“Кеменгер” десек силерди, кемпирден коркуп жатсыңар,

“Баатыр” деп жүрсөк силерди, балдардан коркуп жатсыңар,

“Кыйын” деп жүрсөк силерди, кыздардан коркуп жатсыңар».

Аны менен катар төкмө акын элдин бийликке карата айткан сынын түз кабылдоо керек экенин, ал эми «кошоматчылар калп айтарын» эскертип өттү. Ошондой эле Туткучев «жакшы иштер далай жасалганын, а бирок бир жаңылыштык жакшы ишти жууп саларын» белгиледи.

«Калк айтса сынды мүлдө айтат, какшанып балким күндө айтат,

Президент элдин уулу да, уулуна айтпай кимге айтат?

Президентке бийликти эл өзү берген түрдү айтат,

Пейили түз адамдар күйдүрүп туруп чынды айтат,

Кошоматчы бузуктар сүйдүрүп калптан миңди айтат [...]

Ачуу тийген күндүн да табы кайтат кечинде,

Ай-жылдыз бийлик жүргүзөт, карарган асман бетинде,

Жашоонун өзү бумеранг, ар кимдин болсун эсинде.

Жакшы иштер далай жасалды, көрүп турбуз баарыбыз,

Көрбөдүк десек аларды, калыстык болбойт аныбыз,

А бирок он жакшы ишти жууп салар, бир жолу кеткен жаңылыш».

Туткучев сөзүн жыйынтыктап жатып, «тымызын чогулуш өткөрүп, бийликке умтуулуну токтотууну» талап кылды. Ага кошумчалай, «элдин пикирине каршы чыкпоого, кысымды токтотуп, ынтымакта болууга» үндөдү.

«Падышалар ар дайым келечекти карашат,

Көрүш үчүн алысты бийиктикти самашат.

Бийик турган ажого бийик вазир жанашат,

Майдаланган падыша өз бийлигин таратат.

Жаман болсо вазири, жакшы ажо жолдон адашат,

Бийиктик, кеңдик, айкөлдүк падышага жарашат.

Айкөлдүк кылып коюңуз, кетпесин элге жаракат,

Бийиктик кылып коюңуз, калбасын элде кара так.

Баш жарылса таңылат, кол сынса кайра айыгат,

Ачылган этек жабылат, өчкөн от кайра жагылат.

Эл көңүлү сынбасын, ал сынса кайдан табылат?

Бириңди-бириң каматпай, бириңди-бириң сабашпай,

Тымызын жасап чогулуш, тытынып мандат талашпай,

Куугунтуктап каматып, кыргызды чачып таратпай,

Кулаалы таптап, куш кылып, курама жыйып журт кылып,

Элди бириктиргиле Манастай, эй!».

Туткучевдин сот менен бажыдагы көйгөйдү айтып ырдаганы

2020-жылы төкмө акын Аалы Туткучев борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарада экс-президент Сооронбай Жээнбековго сот, бажы, медицина тармагындагы көйгөйлөрдү айтып ырдаган.

Төкмө акын эски система медицинаны чиритип жок кылганын, бирок ага карабай ак халатчандар өчүп бараткан үмүттү жандырып, күнү-түнү элдин саламаттыгы үчүн жан үрөп иштегенин айткан.

Ошондой эле ал «адилетсиз соттор тааныш-билиши жок кембагалдарды кордоп жатканын», бажыдагы так эмес, жең ичинен бүткөн айрым маселелерге дагы токтолгон. Буга кошумча ишкерлерди тойкана эмес билимкана салууга чакырып, чек ара маселеси да чечилсин деп белгилеп өткөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Төкмө акын Аалы Туткучев президентке сот менен бажыдагы көйгөйдү айтып ырдады