Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам: Акыйкатчы институту ЕККУ жана Венеция комиссиясына кайрылды

Акыйкатчы институту Европадагы rоопсуздук жана rызматташтын уюмунун Адам укуктары, демократиялык институттар боюнча бюросуна жана Венеция комиссиясына кайрылды. Институт «коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзам долбоору боюнча укуктук корутунду алууну көздөп жатат.

Акыйкатчы институту мыйзам долбоору Конституцияга, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын милдеттенмелерине каршы келет деп эсептейт. Ошондой эле, долбоор «негизсиз жана шашылыш сунушталганын» белгиледи.

«Мыйзам долбоорунун авторлору коммерциялык эмес уюмдардын учурдагы мыйзам талаптарын колдонуу практикасына жана мамлекет менен коммерциялык эмес уюмдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжаларына конкреттүү талдоо бербестен, жаңы мыйзамдын зарылдыгын абдан формалдуу, жалпыланган, декларативдик мүнөздө негиздеген», — деп айтылат мааламатты.

Акыйкатчы институту Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратуранын уюмдарга карата көзөмөлдү күчөтүүгө умтулуусун «адамдын биригүү укугун ашыкча жөнгө салуу аракети» катары баалады. Ошондой эле институттан «мындай көрүнүш укуктук, демократиялык мамлекетте кабыл алынышы мүмкүн эмес» деп белгилешти.

Акыйкатчы институту долбоордун авторлору «мыйзамды жана эл аралык документтин нормаларын эске албаганына» жана бийликтин «адам укугун жана эркиндигин чектөөгө, мамлекеттин эл аралык беделин түшүрүүгө алып баратканына» тынчсызданып жатканын билдирди.

Аны менен катар, институт «ЖМК жөнүндөгү» мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу аяктаганына байланыштуу анын акыркы редакциясын берүү өтүнүчү менен Президенттин администрациясына кайрылганын кошумчалады.

Акыйкатчы институту мыйзам долбоорун алган соң ЕККУ менен Венеция комиссиясына укуктук талдоо жана жакшыртуу боюнча сунуштарды алуу максатында кайрылууну көздөп жатат.

Эмне болгон мыйзам долбоору?

2-ноябрда президенттин администрациясы «коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документ минкабдын сайтына жарыяланган.

Демилгечилер маалымкат-негиздемеде жаңы мыйзам долбоору «мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын бейөкмөт уюмдардын уставдык эмес жана мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн коргоо үчүн бекем укуктук базаны түзүп [...] өлкөдө жарандык коомдун өнүгүшүнө жаңы сапат берет» деп жазышкан.

Демилгечилер мындан ары коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар милдеттүү түрдө Юстиция министрлигинде каттоодон өтүшү керек деп белгилешкен.

Мыйзамга ылайык, уюмдарды толугу менен Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги көзөмөлдөйт.

Мыйзам долбоорунун авторлору коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдардын каржылануусунун ачык-айкындыгын камсыздоо, анын ичинде финансылык отчёттуулукка чоң көңүл бурулганын белгилешкен. Башкача айтканда, мамлекеттик органдар уюмдардын каржы булактарын, акчалар канчалык максаттуу пайдаланып жатканын билип турушат.

Юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коомдун өкүлдөрү мыйзам долбоорунда тобокелдиктер бар экенин айтып, бийликти жаңы мыйзамды чакыртып алууга үндөп келет.

Тема боюнча:

Өтө кооптуу. Юристтер бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзамдын тобокелдиктери тууралуу

Укук коргоочулар бийликти бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзамды чакыртып алууга үндөдү