HRW уюму бийликти бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунан баш тартууга чакырды

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин «коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзам менен жарандык коомдун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу планынан баш тартууга чакырды.

«Кыргызстан өзүнүн активдүү жарандык коому менен белгилүү жана жогору бааланат. Кыргызстандын өкмөтү жарандык коомдун ишмердүүлүгүн чектөө боюнча бул пландарынан баш тартып, анын ордуна биригүү эркиндигин колдоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарышы керек», — дейт уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Уюмдун өкүлдөрү мыйзам долбоору көз карандысыз уюмдардын ишмердүүлүгүнө «олуттуу тоскоол болуп, алардын биригүү эркиндигине болгон укуктарын чектейт» деп эсептейт.

Укук коргоочулар мыйзам долбоору Кыргызстанда «адам укуктары начарлап кеткен шартында киргизилип жатканына» тынчсызданышууда.

HWR уюму Кемпир-Абад боюнча кармалган активист, саясатчыларга токтолуп, журналисттерге карата мамлекеттик көзөмөлдү күчөтө турчу «ЖМК жөнүндөгү» мыйзамды эске салды.

Аталган уюм 7-ноябрда Кыргызстандагы укук коргоо уюмдары президенттен «бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү» мыйзам долбоорун чакыртып алууну өтүнгөнүн белигели. Кайрылууда долбоор Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактыга карама-каршы келери айталат.

Уюм Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү, Евробиримдик жана АКШ Жапаровго «мыйзамдын мүмкүн болуучу терс кесепеттери тууралуу маалымат берип, аны тез арада алып салууга чакырышы керек» деп эсептейт.

«Кыргызстан бардык адам укуктарын, анын ичинде биригүү эркиндигин урматтоо боюнча өзүнүн улуттук жана эл аралык милдеттенмелерин сактоого тийиш. Мыйзам долбоору кароодон чыгарылат дегенден баштасаңыз болот», — деди Султаналиева.

Буга чейин Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигин кармалган активист жана саясатчыларды коё берүүгө жана алардын укуктарынын, анын ичинде, келечектеги бардык иликтөөлөрдүн жүрүшүндө процессуалдук укуктардын сакталышын бекем камсыздоого чакырган.

Эмне болгон мыйзам долбоору?

2-ноябрда президенттин администрациясы «коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документ минкабдын сайтына жарыяланган.

Демилгечилер маалымкат-негиздемеде жаңы мыйзам долбоору «мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын бейөкмөт уюмдардын уставдык эмес жана мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн коргоо үчүн бекем укуктук базаны түзүп [...] өлкөдө жарандык коомдун өнүгүшүнө жаңы сапат берет» деп жазышкан.

Демилгечилер мындан ары коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар милдеттүү түрдө Юстиция министрлигинде каттоодон өтүшү керек деп белгилешкен.

Мыйзамга ылайык, уюмдарды толугу менен Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги көзөмөлдөйт.

Мыйзам долбоорунун авторлору коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдардын каржылануусунун ачык-айкындыгын камсыздоо, анын ичинде финансылык отчёттуулукка чоң көңүл бурулганын белгилешкен. Башкача айтканда, мамлекеттик органдар уюмдардын каржы булактарын, акчалар канчалык максаттуу пайдаланып жатканын билип турушат.

Юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коомдун өкүлдөрү мыйзам долбоорунда тобокелдиктер бар экенин айтып, бийликти жаңы мыйзамды чакыртып алууга үндөп келет.

Тема боюнча:

Өтө кооптуу. Юристтер бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзамдын тобокелдиктери тууралуу

Укук коргоочулар бийликти бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзамды чакыртып алууга үндөдү