Бишкекте активист Ербол Токтогулов кармалганы айтылууда, УКМК маалымат бере элек

Бишкекте активист Ербол Токтогулов 22-ноябрда УКМК тарабынан кармалганы кабарланды. Бирок учурда атайын кызматтан маалымат алууга мүмкүн болбой жатат.

«Бүгүн 22-Ноябрь күнү саат 10:00 чамасында, жарандык активист Ербол Токтогулов УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, Бишкек шаардык бөлүмүнө алып кетилиптир. Мен байланышсам “Фейсбукта жазган посттор жана сын пикирлер үчүн эле камап салууга аракеттенип жатышат” депдосум өзү айтты», — деп жазды фейсбук колдонуучусу Асамидин Мухиддинов.

Токтогулов фейсбукта Кемпир-Абад суу сактагычынын коңшу өлкөгө өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сынга алып келген.

Буга чейин кыргыз бийлиги 30дай активист жана саясатчыны кармап, камакка алган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө өткөргөнү жатканы үчүн сындашкан.

Ал эми президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар «суу сактагыч маселесин бийликтин бир жерине илинип калсам деген ойдо пайдаланып жатышат» деп билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаттары 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек ара макулдашуусун ратификациядан өткөргөн. Ал эми Кемпир-Абадды коргоп чыгып камалгандар абакта калууда.