«Катуу жаза берилсин». Ноокенде өлтүрүлгөн кыздын жакындары бийликке талап койду

Сүрөт: «Турмуш»

Ноокен районунда киши колдуу болгон 19 жашар кыздын жакындары нааразычылык акциясына чыгып, талаптарын коюшту. Акция 21-ноябрда кызды өлтүрдү делген шектүү жашаган Сасык-Булак айылында өттү.

Анда кыздын жакындары шектүүнүн үйүн сүрдүрүүнү жана анын үй-бүлөсүнүн айылдан чыгып кетишин талап кылышты. Ошондой эле «Адам өлтүрүүдөн» сырткары, «Зордуктоо» беренеси менен да иш козголуп, киши «катуу жазалансын» деп талап кылышты.

«Ата-энеси жалгыз кызын жоготуп, кан жутуп отурат. Жолдон ары-бери өткөн сайын ушул акмактын үйүн көрүп, жарабыз козголуп жатат. Ошондуктан үйү бузулсун деп жатабыз», — деди маркумдун таякеси Сейитбек Абдрахманов.

Шектүүнүн кошунасы тергөө учурунда кишинин үйүнөн кыздын кийимдери табылганын айтып берди. Ал кийимдерде кандын изин көрүшкөнүн кошумчалап, ал «жазасын алышы керек» деп билдирди.

Чогулгандар менен Сузак районунун акиминин орун басары Бакытбек Сүйүнбаев, Сузак айыл өкмөтүнүн башчынын орун басары Замирбек Жаанбаев жолукту. РИИБдин жетекчилиги шектүүнүн үйүн сүрдүрүү талабы соттун гана чечиминин негизинде болушу мүмкүн экенин айтып, түшүндүрдү.

<iframe width="560" height="315" src="https://www.youtube.com/embed/LBlOeKv0PyQ" title="Маркум Айдананын туугандары шектүүнү жазага тартуу талабын коюшуп, жол тосууга аракет кылышты" frameborder="0" allow="accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture" allowfullscreen></iframe>

19 жаштагы кыздын өлүмү

8-ноябрда Ноокен районунун Масы айылындагы сайдан киши колдуу болуп каза болгон 19 жаштагы кыздын сөөгү табылган.

Аталган факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 58 жаштагы киши кармалган. Тергөөдө шектүү кызды өлтүрүп, сөөгүн каналга таштап жибергендигин моюнуна алган.

Ошондой эле кармалган киши буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолуп, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатка байланыштуу жоопкерчиликке тартылганы айтылган.

Кийинчерээк Кыйноолордун алдын алуу борбору шектүү милиция тарабынан кыйноого алынганын билдирген. Бирок Жалал-Абад ОИИБи муну четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

19 жашар кыздын өлүмүнө шектүү кыйноого алынганы айтылды, милиция четке кагууда

Ноокенде 19 жашар кызды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды