«Азырынча көчөдө жүрөм». Депутат Бакировго дагы деле жаңы иш бөлмө бериле элек

Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн чыгарылган депутат Өмүрбек Бакировго дагы деле башка кабинет бериле элек. Бул тууралуу эл өкүлү журналисттерге билдирди.

«Ашканага түшүп кеткенимде кабинетке келип, менин буюм-тайымдарымды, кагаздарды, документтерди алып чыгып коюшуптур. Азыр мага жаңы кабинет берилген жок. Көрө элекмин. Эски кабинетиме мөөр басып коюшуптур. Азырынча көчөдө жүрөм. Бүгүн депутаттар иш башкармалыктын жетекчисин чакырышты. Бир чечим кабыл алынаар, шашпай турайынчы. Мага кабинет маанилүү деле эмес. Кабинетти чоң традегия кылгым келбейт», — деди Бакиров.

Бакиров 19-ноябрда президенттин иш башкармалыгы анын Жогорку Кеңештин жетинчи кабатындагы иш бөлмөсүн тартып алганын билдирген. Эл өкүлү бул 17-ноябрь күнү парламенттин отурумунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен айтыша кеткенине байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдогон. Анын айтымында, 18-ноябрь күнү анын иш бөлмөсүнүн эшигин бузуп кирип, ал жердеги бардык буюмдарды сыртка алып чыгып коюшкан.

Президенттин иш башкармалыгынын катында «ишти оптималдаштыруу жана жумуш орундарын тартипке салууга» байланыштуу Бакиров №705 бөлмөнү бошотуусу айтылган. Ошондой эле, жакын арада Бакировго «өзүнө ылайык келе турган» бөлмө берилерин айтып ишендиришкен.

Парламенттин бир катар депутаттары Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын — аткаруу бийлигинин Жогорку Кеңешке карата сыйлабас мамилеси деп эсептешет.

Парламенттин 23-ноябрдагы отурумунда депутат Тазабек Икрамов Бакировду бөлмөсүнөн чыгаруу жөнүндөгү катка кол койгон президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы кызматтан алууну сунуштаган. Депутаттар Жалалидин Нурбаев жана Адахан Мадумаров да Бакировду колдогон пикирлерин айтышкан.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев маалымат алуу үчүн президенттин иш башкармалыгынын жетекчисин жыйынга чакырууну тапшырган.

Бакиров жана Ташиев

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын өзүнчө тилкелерин делимитациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад боюнча маселе каралып жатканда депутат Өмүрбек Бакиров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен тартыша кетип, Ташиев депутатты трибунадан сөккөн.

Бакиров Ташиевге Кемпир-Абаддагы каналдын курулуш боюнча суроолорду берип, Керкидан суу сактагычы боюнча маселени чечүүдө «көп катачылыктар кеткенби» деп суроо узаткан. Бакиров менен Ташиев кайым айтышып, УКМКнын башчысы депутатка: «мен өткөндө эле айтканмын сизге ушул боюнча, жазып бериңиз дегенмин, арызыңызды жазыңыз, менин атыма» деген.

Андан соң Бакиров трибунага чыгып, сөз жеке ал тууралуу эмес, жер-суу жөнүндө болуп жатканын, ал эми «керек болсо мени бышырып жеңиз» деп айткан.

«Бышырып жегидей сиз эмне, кекиликсизби? Өзүң айтып жатпайсыңбы мени бышырып же деп. Ким сени бышырып жейм деп атат? [...] Эмнеге мени коркутасың? Эмнени убакыт көрсөтөт экен? Энеңди сигейин!» — деп сөзүн жыйынтыктаган Ташиев.

Андан кийин Бакиров Ташиев тарапка ылдый көздөй түшө баштаган. Анда анын жолун депутат Фархат Исмаилов тороп калган. Аларды курчап турган депутаттар арачалаган.

Кийинчерээк Бакиров Ташиев сөгүнгөнү менен «энелерди канчалык сыйларын көрсөткөнүн» айткан.