Баткен: Чек ара жаңжалында жоголгон 826 документ калыбына келтирилди

Сүрөт: Баткен облустук администрациясы

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жоголгон 826 документ калыбына келтирилди. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында документтерин жоготкон жарандар Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан каттоого алынган.

«Эвакуацияланган жарандардан Лейлек районуна — 380, Баткен районуна — 414 жана Кадамжай районуна 31 арыз келип түшкөн. Бүгүнкү күнгө карата 826 жарандын баарынын документтери толугу менен калыбына келтирилип, тапшырылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, кырдаалга байланыштуу Баткен шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды кабыл алуу борборунда документтери жараксыз абалга келген жарандарды кезексиз кабыл алып жатканын белгилешти.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн.

Жаңжалдын кесепетинен кыргызстандык 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган. Эки тарап тең аскердик агрессияга бири-бирин айыптаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Чек ара жаңжалында жоголгон 136 документ калыбына келтирилди