«Кызынын тоюна бара жатышкан». Баткенде жол кырсыгынан 8 адам каза тапты

Сүрөт: Баткен облустук ЖКККБ

22-ноябрда Ош — Раззаков жолунда автокырсык катталып, 8 адам мерт кетти. Бул тууралуу облустук ЖКККБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 19:30 чамасында трассада «Мерседес-Бенц Спринтер» менен «Опель Вектра» жеңил унаасы кагылыша кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 6 адам, «Мерседес-Бенц Спринтердеги» 2 адам каза тапкан.

Алдын ала маалымат боюнча, «Опель Вектрадагы» 6 киши бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон — алар Кадамжай районуна кызынын үлпөт тоюна бара жаткан.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө, бир адам ооруканада жатат.

19-ноябрда Бишкек — Ош унаа жолунун Капчыгай тилкесинде оор жүк ташыган «Скания» менен «Форд Транзит» үлгүсүндөгү кичи автобус кагышып, алты киши каза болгон. Кичи автобус каршы тилкеге ​​чыгып кетип, оор жүк ташуучу унаа менен кагыша кеткен.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бери Кыргызстанда жол кырсыгынын кесепетинен 477 адам каза болгон, анын 79у жаш балдар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуларга жазаны күчөтүү сунушталды