Болот Темиров: Эл аралык сотко берип, булардын жүзүн ачабыз

Өлкөдөн күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров Орусияга баргандан кийин биринчи жолу интервью берди. Аны менен «Азаттык» үналгысынын журналисттери сүйлөштү.

Темиров өлкөдөн кантип чыгарылганын, Орусиядагы коопсуздугу жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

Өлкөдөн чыгарылганы тууралуу

Алты, жети бала кылмышкердей аэропортко жеткирди. Документим жок болгонуна [байланыштуу] биринчи Орусиянын элчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, «мекенине кайтаруу» боюнча маалымкат жасатууга аракет кылышты.

Бирок, жетишкен жокпу же кыла алышпадыбы, документим жок эле «Манас» аэропортундагы өткөрмө бекеттен өткөрүштү. 2-3 жылдан бери мени чек ара бекетинен 5-10 мүнөт текшеришчү, бул жолу бир секунд дагы кармашкан жок. Чуркап эле өткөрүп, учакка отургузду. Орусияга ИИМдин Терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 10-бөлүмдүн эки өкүлү коштоп барды.

Орусиянын чек арасынан кантип өткөрүштү?

Кызматкерлер Орусиянын Чек ара кызматы менен сүйлөшүштү. Алар “жок дегенде соттун өкүмүн бергиле” деп сураса, ал дагы жок болуп калды. Акыры соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн жөнөтүштү окшойт. Ошол аркылуу өткөрүштү. [Жанымда] Орусиядан алган пастортум жок болчу. Чек ара кызматы жалпы базадан текшеришти, менин документтеримди табышса керек. Андан кийин бир-эки суроо берип, өткөрүп жиберишти.

Орусиядан туугандар тосуп алды. Кызматкерлер мени чек арадан өткөргөнчө жанымда болушту, анан өз иштери менен кетип калышты.

Бир нече саатка дайынсыз болуп кеткени тууралуу

Биринчи «телефонун жаныңдабы» деп унаанын ичин тинтишти. «Телефонум жанымда эмес» дегенден кийин, жолдо бара жатканда бирөөлөргө чалып, айтышты. Биринчи «конторага» барабыз деп, кийин аэропорт жакка бурулушту. Өздөрү «телефон аркылуу таап алат элеңер» деп түшүндүрүп беришти. Журналисттер аркасынан кубалап алат деп коркушту окшойт.

Соттун чечими жана кыла турчу иштери тууралуу

Бул окуяны [бийликтин] өчөшкөнү деп баалап жатам. Мен «сот системасы эрдик көрсөтүп, тарыхый чечимдерди чыгарат» десем, соттор Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдин жөнөкөй эле «күчүгү» экен да.

Иштейбиз, жооп беребиз, улантабыз, аппеляциялык арыз беребиз. Мыйзам түрүндө буларды жоопко тартканга аракет кылабыз. Жогорку соттон өтөбүз, эл аралык сотко беребиз. Дүйнө боюнча булардын бетин ачабыз.

Орусида канчалык коопсуз экенин бир аз эс алып, Орусиянын мыйзамдарын, азыркы акыбалды карап көрүш керек. Азырынча [канчалык коопсуз экенин] айта албайм. Менимче, Орусия кыргыз бийлигине баш ийбейт деле го. Бул жерде 7 жылдан бери боло элекмин, эки-жакты карап коопсуздук боюнча баа берем да.

Темировдун өлкөдөн чыгарылышы

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун «документтерди жасалмалоо иши» боюнча аппеляциялык арызын караган.

Отурумда мамлекеттик айыптоочу сотко Темировду өлкөдөн чыгарып салуу сунушун келтирип, сот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча жаңы өкүм кабыл алган. Укук коргоо органынын кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп алып чыгып кетишкен.

Аны кайда алып барышаары жактоочуга да, ЖМК өкүлдөрүнө да айтылган эмес — бир нече саат бою Темировдун кайда экени белгисиз болуп жатты. Кийинчерээк иликтөөчү Кыргызстандан Орусияга депортацияланганы маалым болгон.

Кыргызстандагы медиа коомчулук иликтөөчү журналисттин өлкөдөн чыгарылышын «ачык-айкын эле куугунтук» деп баалады. Ал эми Журналисттерди коргоо комитети журналистти өлкөдөн чыгууга мажбурлаган бийликтин аракетин сынга алып, Темировго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон «куугунтукту тез арада токтотууну» талап кылды.

Тема боюнча:

Иликтөөчү журналист Болот Темировду Кыргызстандан учак менен алып кетишти

«Жада калса билген эмесмин» — Ташиев Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча