«Жада калса билген эмесмин» — Ташиев Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылганына «эч кандай тиешеси жок экенин» айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Ташиев депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып, Темировдун «өлкөдөн чыгарылганын билген эмесмин» деп билдирди. 

«Кечээки сиз жараныбыз деп атап аткан адам боюнча сот чечим чыгарды, ИИМ тергөө ишин жүргүздү, прокуратура аны бекитип берди, менин кандай тиешем бар? Дагы бир жолу айтып жатам, мен эмес. Биздин ведомство эмес. Сот чечим кабыл алып, өлкөдөн чыгарышты. Мен эмне кылышым керек. Мен жада калса билген эмесмин. Мен жумушча сапарлар менен чуркап, иштеп жүрөм», — деди Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы Сурабалдиевага «Темировду эмне себептен өлкөдөн чыгарышканы менен таанышып көрүңүз» деп белгилеп, «жөн эле айта бергениңиз уят» деп эл өкүлүн сынга алды.

Темировдун өлкөдөн чыгарылышы

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун «документтерди жасалмалоо иши» боюнча аппеляциялык арызын караган.

Отурумда мамлекеттик айыптоочу сотко Темировду өлкөдөн чыгарып салуу сунушун келтирип, сот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча жаңы өкүм кабыл алган. Укук коргоо органынын кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп алып чыгып кетишкен.

Аны кайда алып барышары жактоочуга да, ЖМК өкүлдөрүнө да айтылган эмес — Темиров кайда экени бир нече саат бою белгисиз болгон. Кийинчерээк иликтөөчү Кыргызстандан Орусияга депортацияланганы маалым болду. 24-ноябрда Темировдун жубайы иликтөөчү журналист Москвада туугандары менен экенин билдирди.

Кыргызстандагы медиа коомчулук иликтөөчү журналисттин өлкөдөн чыгарылышын «ачык-айкын эле куугунтук» деп баалады. Ал эми Журналисттерди коргоо комитети журналистти өлкөдөн чыгууга мажбурлаган бийликтин аракетин сынга алып, Темировго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон «куугунтукту тез арада токтотууну» талап кылды.

Тема боюнча:

Иликтөөчү журналист Болот Темировду Кыргызстандан учак менен алып кетишти

Ачыктан-ачык куугунтук. Медиа коомчулук Темировдун өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу кайрылуу жасады