Равшан Жээнбеков: Кемпир-Абад боюнча келишимди жокко чыгаруу үчүн Эл аралык сотко кайрылабыз

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков келечекте алар [Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрүн айтып жаткан болушу мүмкүн] Өзбекстан менен ратификациядан өткөн келишимди жокко чыгаруу боюнча Эл аралык сотко кайрылышаарын билдирди. Видео кайрылууну саясатчынын Фейсбук барагына чыкты.

«Тилекке каршы бийлик Кемпир-Абадды берип тынды. Бирок биздин дагы да болсо бир жолубуз бар. Биз келечекте Эл аралык сотко кайрылабыз. Себеби, эгер биздин мамлекет, биздин бийлик коррупциялашкан жана авторитардуу бийлик боло турган болсо, анда бизде эл аралык келишимди жокко чыгарганга мүмкүнчүлүк пайда болот. Себеби, кечээ күнү парламентте коррупциялык, авторитардык ыкманы пайдаланып, келишимди ратификациядан өткөрдү. Депутаттарга бийлик тарабынан басым болду. Ошондуктан келечекте эл-журт Эл аралык сотко кайрылып Кемпир-Абадды коргоо, алып калуу мүмкүнчүлүктөрүн карашыбыз керек», — деди саясатчы.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда дароо үч окууда «Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди» жана «Кемпир-Абад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну» ратификациялоо тууралуу чуу жараткан мыйзамдардын долбоорун жактырышкан.

Үчүнчү окууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди 64 депутат колдоп, 19 депутат каршы добушун берген.

Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын сууларын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну 65 депутат колдоп, 18 эл өкүлү каршы добуш берген.

Добуш берүүдө отурган депутаттардын жалпы саны 83тү түзгөн. 7 эл өкүлү ордунда жок болгон.

Талкуу президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн. Мыйзам долбоорлорун Камчыбек ташиев баяндап чыккан. Жогорку кызматты ээлеген эки чиновник тең депутаттарды документтерди мамлекет үчүн пайдалуу деп негиздеп колдоп берүүгө үндөшкөн.

Депутаттардын айрымдары макулдашууга каршы чыгышкан. Оппозициячыл депутат Адахан Мадумаров кесиптештерин документтерди колдоп берүү үчүн мажбурлоо болгонун билдирген.

Эми документтер президенттин кол коюусуна жиберилип, кол коюлган алар мыйзамдуу күчүнө кирет.

Кемпир-Абад боюнча талаш-тартыштар

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бул макулдашуу өлкө үчүн утуштуу деп айтышкан.

Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар каршы чыгып жатышкан. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер Кемпир-Абад Өзбекстанга өтсө, Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушкан болчу.

Келишимди ратификациядан өткөрүү жана талкуулоо процесси чуу менен коштолгон — мурдараак депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин башчылыгынан алышкан. Ал келишимдин долбооруна каршы чыгып, комитеттин чечимине кол коюудан баш таркан. Муну ал депутаттардын колуна бардык документтер берилбегени менен түшүндүргөн.

Жалпылап айтканда, талкууланып жаткан документтерге байланыштуу суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун өзүн да жана өлкөнүн эки ири шаары — Бишкек жана Ошто митинг жана курултайлар өткөн.

Ошондой эле бийлик массалык башаламандык уюштурууга айыптап дээрлик 30 адамды кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө өткөргөнү жатканы үчүн сындашкан.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп билдирген.

Тема боюнча окуңуз:

Мадумаров депутаттарды Кемпир-Абадды берүү маселесин колдоого мажбурлап жатышканын билдирди

«Эмне согуштан утулдук беле?» Президенттик кеңештин эксперти суу ресурстардын Өзбекстанга өтүшүн сынга алды