Жапаров: Баткен окуясы чыгып калып, былтыркыдан үч эсе көп зыян тарттык

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Кыргызстан былтыркыга караганда үч эсе көп зыян тартканын билдирди.

«Эсеп палатасынын 2021-жылдагы бюджети боюнча корутундусу чыкты. Көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу иш-чараларынын планы бекитилип, иш жүрүп жатат. “Эми мындан ары бир гана экономика менен иштейбиз” деген дем менен 2022-жылга кирдик эле. Бирок быйыл дагы Баткен окуялары чыгып, былтыркыдан үч эсе көп зыян тартып калдык», — деди Жапаров.

Буга чейин куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 миллион сом деп бааланган. Ал эми 2021-жылы 36 адамдын өмүрүн алган куралдуу кагылышууда Кыргызстан 1 млрд 305 млн сомдон ашык зыян тартканы айтылган.

Сентябрдагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга жана аскердик кол салууга» айыптаган. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Жаңжалда кыргызстандын 63 жараны курман болду — анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Ал эми 206 адам ар кандай жаракаттарды алды — алардын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.

Куралдуу жаңжалда 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Жаңжалдын кесепетинен жалпы 661 үй жабыркады.

Президент Баткендеги үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүү тапшырмасын берген. Учурда тургундардын айрымдары үйлөрүнө кайта элек, калгандары чатырларда жана контейнерлерде күн кечирип жатышат.