Болот Темировдун жактоочулары БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылат

Өлкөдөн күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жактоочулары Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылуу даярдап жатат. Бул тууралуу «Клооко» адвокат Бактыбек Автиндил уулу билдирди.

Ал Темировду депортациялоо «улуттук жана эл аралык мыйзамдарга каршы келерин» айтып, эч бир мамлекет «өз жаранын башка өлкөгө куубайт» деп белгиледи.

Юристтер Темировго карата чыгарылган өкүм боюнча Кыргызстандагы бардык сот инстанцияларга апелляциялык арыз берген соң, БУУнун комитетине арызданыша турган болду.

Буга чейин Болот Темиров Москвадан журналисттерге маек куруп, эл аралык сотко кайрыла турганын айткан.

Темировду депортациялоо

Бишкек шаардык соту 23-ноябрда журналист Болот Темировду Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесинин («Өлкөдөн чыгарып жиберүү») негизинде өлкөдөн чыгарып жиберүү чечимин кабыл алган. Бул берене боюнча чет өлкөлүк жаран же жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин жарандыгы жок адамдар Кыргызстандан сырткары чыгарылат.

Мурдараак Бишкектин Свердлов райондук соту Темировду баңгизатты сактоо жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү иши боюнча актаган, бирок аскердик билетти жасалмалоо иши боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Тергөөчүлөр журналист паспортун аталган жасалмаланган аскердик билеттин жардамы менен «мыйзамсыз» алган деп эсептешет. Бирок бул иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен Темировго жаза дайындалган эмес.

Темиров өзү акыркы сөзүндө ишти «бийликтин тапшырмасы» деп атаган. Шаардык соттун отурумнда Темировдун жактоочулары журналистти кылмыштын курамы жоктугунан толугу менен актоону талап кылышкан.

Шаардык соттун чечиминен кийин Болот Темировду сот залынан күчтөп алып чыгып, унаа менен белгисиз тарапка алып кетишкен. Үч сааттан ашык журналисттин дайыны белгисиз болгон — Темировду Бишкектин убактылуу кармоочуй жайларынан да, атайын кармоочу жайлардан да таппай коюшкан. Кийинчерээк Темировдун адвокаты Баатыр Ботобеков «Клоопко» Темировду «күчкө салып жашырып жатышат» деп билдирген.

Кечке жуук Ботобеков Темировду издеп «Манас» аэропортуна келген. Ал жерден адвокат аэропорттогу милиция бөлүмүнө барып сураганда «Темировду эч ким алып келбегенин» айтышкан.

Бирок саат 20:00гө жакын милиция бөлүмүнө жарандык кийимчен, болжолдуу, укук коргоо органдарынын же УКМКнын кызматкерлери кирип, ал жерден шаша-буша Темировду чыгарып, лифт менен учуу залына көтөрүлүп кетишкен.

Кийин иликтөөчү журналисттин адвокаттары Темировду Кыргызстандан Москвага депортация кылышканын билдиришкен.

Кыргызстандагы медиа коомчулук иликтөөчү журналисттин өлкөдөн чыгарылышын «ачык-айкын эле куугунтук» деп баалады. Ал эми Журналисттерди коргоо комитети журналистти өлкөдөн чыгууга мажбурлаган бийликтин аракетин сынга алып, Темировго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон «куугунтукту тез арада токтотууну» талап кылды.

Тема боюнча:

Болот Темиров: Эл аралык сотко берип, булардын жүзүн ачабыз